АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ОКУТУУ СИСТЕМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:16, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ОКУТУУ СИСТЕМАСЫ (АОС) ‒ окуу программасынын бир түрү. Предметти окутууда, билимди текшерүүдө, консультация жана маалымат берүүдө, окуучуга жекече мамиле кылуу менен убакытты кыскартууда жана окутуунун сапатын көтөрүүдө, окуу программасын иштеп чыгууда программалоонун алгоритмдик тилдерине салыштырмалуу убакытты 5 эсе кыскартууда, окуу ишмердиги тууралуу жыйындарды уюштурууда жана статистикалык маалыматтарды эсептөөдө колдонулат. Ал окуу процессинин конкреттүү керектөөсүнө ылайыкташтырылып, педагогикалык изилдөөлөрдө жана эксперименттерде колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек, ошондой эле окуу программаларын жана материалдарды дифференциациялоо жана кеӊейтүү касиеттерине да ээ болуусу зарыл. Кеӊири тараган АОСко төмөндөгүлөр кирет: «АОС ЖОЖ» (ЭЭМЕС үчүн), «Школьница», «Рига», «Радуга» (түрдүү типтеги персоналдык ЭЭМ үчүн).