АВТОЛИТОГРАФИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:15, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АВТОЛИТОГРА́ФИЯ (гр. autos ‒ өзүм, lithos ‒ таш, grapho ‒ жазам, тартам) ‒ литографияны

О. Абсаттаров. «Сүйүү багы». 2004.

аткаруунун бир түрү. Бул ыкмада сүрөтчү тикеден-тике таштын өзү менен иштейт жана ушул ыкма менен аткарылган графикалык чыгарма да автолитография деп аталат. Сүрөтчү толугу менен, тактап айтканда, басмага басуунун толук технологиялык процессин литографиялык ташта көркөм иштөөнүн өзүн камтуу менен аткарат. Ташты иштетүү жана басмада басуу уста-полиграфист аркылуу жүргүзүлөт. Ташка тартылган чыгарманын көркөмдүгү сүрөтчүнүн жеке изденүүсүнө жана таштын формасына, аспаптарды колдонуусуна жараша болот. КРдин Сүрөтчүлөр союзундагы басма графика өнөрканасы Австрия жана Швейцария өлкөлөрүнүн колдоосу менен уюшулган (2005). А. Касымалиев.