АВТОКРАТИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:15, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АВТОКРАТИЯ (гр. autokrateia ‒ өзү бийлөөчүлүк, жеке башкаруу) ‒ жеке адамдын чексиз, көзөмөлсүз толук бийлиги менен мүнөздөлүүчү башкаруу формасы; ошондой эле мыйзам чыгаруучулук, аткаруучулук функцияларды өз колуна алган, мамлекеттик аппараттын ишин өзү толук көзөмөлдөп турган, кол алдындагыларга жана карамагындагыларга эч көз каранды болбогон жогорку башкаруучунун бийлиги (мис., байыркы Чыгыштагы ‒ деспотия, байыркы Римдеги, орто кылымдагы империялар, абсолюттук монархиялар). Автократиянын альтернативасы — демократиялык өлкө.