АВСТРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:13, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎Маданияты: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АВСТРИЯ (Цsterreich), А в с т р и я Р е с п у б л и к а с ы (Republik Цsterreich) — Борбордук Европадагы мамлекет. Дунай дарыясынын алабында жайгашкан. Түндүгүнөн Чехия, түндүк-чыгышынан Словакия, түндүк-батышынан Германия, чыгышынан Венгрия, түштүгүнөн Словения жана Италия, батышынан Швейцария жана Лихтенштейн менен чектешет. Аянты 83,9 миӊ км2. Калкы 8,4 млн (2013). Борбору ‒ Вена шаары. Акча бирдиги ‒ евро (2002-жылга чейин Австрия шиллинги).

Мамлекеттик түзүлүшү.

Австрия ‒ федерациялык республика. 9 администрациялык-аймактык бирдикке (жерге) бөлүнөт (Вена шаары администрациялык-аймактык бирдик катары эсептелет). Мамлекеттик башчысы ‒ президент. 6 жылга шайланат (бир гана жолу кайра шайланууга акылуу). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы ‒

АВСТРИЯ36.png

эки палаталуу (Улуттук Кеӊештен 4 жылга шайланган 183 депутат жана Федералдык Кеӊештен лантаг тарабынан шайланган 64 депутат) парламент. Аткаруу бийлигин канцлер, вице-канцлер жана министрлерден турган өкмөт ишке ашырат. Ар бир аймактын (жердин) өзүнүн конституциясы жана калк тарабынан шайланган өз парламенти ‒ ландтагы бар.

Табияты

Аймагы тоолуу келип, анын 3/4 бөлүгүнө жакынын Чыгыш Альп тоолору (эӊ бийик жери ‒ Гросглокнер чокусу, 3797 м) жана анын этек тоолору ээлейт. Бири-бирине жарыш жаткан Түндүк Акиташтуу, Борбордук Кристаллдуу жана Түштүк Акиташтуу Альп тоолоруна бөлүнөт. Калган бөлүгүн Ортоңку Дунайдагы түздүк, ойдуӊдар (Штирия-Бургенланд ойдуӊу, Вена массиви), түндүгүнөн Чех массивинин түштүк бөлүгү кирип турат. Темир рудалары, нефть, газ, алюминий, күрөӊ көмүр, магнезит ж. б. кендери бар. Климаты мелүүн континенттик, батышы нымдуу, кышы жумшак, жайы салкын. Январдын орточо температурасы -1 ‒ -4°С, июлдуку 15‒18°С. Жылдык жаан-чачыны 500‒900 мм, тоолорунда 1500‒2000 мм. Түндүк-батыш айдарым капталдарында жаан-чачын арбын жаайт. Тоолуу аймагында бийиктик алкактуулук даана байкалат. Суу кар тез-тез жаайт; 7‒8 ай кар жатат. Мөӊгүнүн аянты 5 км2ден ашык. Суулары Дунай жана Рейн дарыяларынын алабына кирет. Австриянын аймагында Дунай дарыясы 350 кмге созулуп агат. Куймалары: Инн, Лайта, Раб, Драва жана Морава. Тоо дарыялары тик түшүп, шар агып, энергия ресурска бай. Жайында ташкындап, кышында тартылат. Австрияда 580ге жакын көл бар, алар негизинен мөӊгүнүн аракетинен пайда болгон. Ирилери: Боден (Австриянын Германия, Швейцария менен чек арасында), Нойзидлер-Зе (Венгрия менен чек арасында). Нойзидлерзе-Зевинкель, Карвендельбирге ж. б. коруктары бар. Чымдак-күл, боз токой топурагы, түштүк-чыгышында күлдөшкөн кара топурак, тоолорунда күлдөшкөн боз тоо топурагы өөрчүгөн. Аймагынын 44%ин токой ээлейт, ал ‒ улуттук негизги байлыктарынын бири. 600‒800 м бийиктикке чейин айдоо жерлер менен кошо жазы жалбырактуу (эмен, бук, ак чечек) токой массивдери ээлейт. 1400‒1800 м бийиктиктердеги ийне-жазы жалбырактуу токой, андан жогору тоо кызыл карагайы, жапалак бал карагай менен алмашат. 2000 мден жогору жыш өскөн альп шалбаасы, 2700‒3000 мге чейин шалбаа өсүмдүктөрү үстөмдүк кылат.

Калкынын

90%и австриялыктар. Андан тышкары словен, хорват, чех, венгр, серб, цыгандар, ошондой эле немистер, италяндар ж. б. улут өкүл

Чыгыш Альп тоолору.

дөрү жашайт. Шаар калкы 77% (2005). Калкынын көбү ‒ христиандар (83%), анын ичинде католиктер 76%, протестанттар 5%ке жакын, православиелер 2%; мусулмандар 2,3%, иудейлер 0,1%. Мамлекеттик тили ‒ немис тили. Калктын табигый өсүү динамикасы төмөн. Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники ‒ 77,7, аялдарыныкы ‒ 83,2 жаш. Калктын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 97,4 киши. Негизинен Дунай жана Рейн дарыяларынын өрөөндөрүндө, Штрия менен Бургенланд түздүктөрүндө отурукташкан. Ири шаарлары: Вена, Грац, Линц, Зальцбург, Инсбрук.

Тарыхый очерки.

Австриянын аймагын адамдар палеолит доорунда эле мекендегендиги белгилүү (Штириядагы Миксний, төмөнкү Австриядагы Виллендорф турак жайлары). Эрте темир дооруна таандык Гальштаур археологиялык маданиятынын эстеликтери кеӊири изилденген. Кельттердин басып кирүүсү менен (б. з. ч. 500‒400-ж.) жергиликтүү иллирия уруулары алардын курамына кирген. Б. з. ч. 2-кылымда Австриянын көпчүлүк аймагы жаӊы түзүлгөн Норик королдугунун курамына кирген, түндүк облустарын римдиктер тарабынан Италиядан куулган бойа уруулары ээлешет. Көпчүлүк иллирия уруулары Чыгыш Альпыда өзүлөрүнүн маданий өзгөчөлүгүн узак убакытка сакташкан. Б. з. ч. 1-кылымдын ортосунда бойалардын уруулары талкалашкан, ал эми б. з. ч. 8-кылымда бул аймакты маркомандар ээлешкен. Б. з. ч. 16‒9-кылымдын аралыгында Австриянын Дунайдан түштүккө карай жайгашкан аймактары римдиктер тарабынан каратылып, кийинчерээк римдик Норик, Реция жана Паннония провинцияларынын курамына кирген. Элдердин Улуу көчүүсү мезгилинде Австриянын аймагына көптөгөн уруулар басып кирген. 6-кылымдын экинчи жарымында Батыш Австрияда герман уруулары (негизинен баварлар), борбордук жана чыгыш бөлүгүндө славяндар (негизинен словендер) отурукташкан. 788-ж. Карл I Баварияны Франк королдугуна бириктирип, анын натыйжасында франктардын таасири славяндар жашаган Каринтияга да таралат. Франк мамлекети түштүк-чыгышта Паннониядагы Авар каганаты менен чектешип, каганат кыйрагандан соӊ, 8‒9-кылымдардын башында чыгыш чек арасын бекемдөө үчүн Паннония же Чыгыш маркасы түзүлгөн. 843-ж. Карл I империясы бөлүнгөн соӊ Австрия Бавариянын курамында Чыгыш Франк (10-кылымдан Германия) королдугуна кошулган. 10-кылымдын 1-жарымында Чыгыш Австрияны венгрлер басып алат. 955-ж. герман королу Оттон I (962-жылдан император) Лех дарыясынын жээгинде көчмөн-венгрлерди талкалайт, Австриянын аймагында бавардык Чыгыш маркасы түзүлөт, кийин ал маркграфтык деп атала баштайт. 976-жылдан мында Бабенбергдер династиясынын бийлиги орнотулат. 1156-ж. Австрия маркграфтыгы өз алдынча графтык болуп түзүлүп, Бавариядан толук бөлүнөт. 996-ж. таандык жазма булактарда аймак алгачкы жолу Австрия (Ostarrichi, азыркы ‒ Цsterreich), б. а. Чыгыш облусу деп аталгандыгы белгилүү. Бабенбергдер династиясынын бийлиги токтогондон (1246) кийин, австриялык аймактар чех королу Приемысл II ээлигине өтөт.

Линц шаарындагы аянт.

1276‒78-ж. герман королу Рудольф I Габсбург Австриянын аймагын ээлеп, 1282-ж. Австрияны жана Штирияны уулдары Альберт менен Рудольфко башкарууга берет. Австрияда ушундан тарта Габсбургдар династиясынын бийлиги орнойт (1918-ж. чейин).16-кылымда Түштүк-Чыгыш Европага Осмон империясы (Түркиянын) чабуул коюп турган мезгилде Габсбургдар Чехияны, Силезияны, Венгриянын бир бөлүгүн (толугу менен 17-кылымдын аягында), түштүк славян жерлеринин бир бөлүгүн ээлеп алган (к. Австрия ‒ түрк согуштары). Габсбургдардын көп улуттуу империясы куралып, Австрия анын саясий борбору болуп калган. 18-кылымда Габсбургдар Түштүк Нидерландыны, Италиянын көп жерин жана Польша менен батыш Украинанын бир кыйла бөлүгүн басып алган. 18-кылымдын ортосунда Германияда үстөмдүк кылуу үчүн Австрия менен Пруссиянын ортосундагы тирешүү күчөйт. Австриялык мурас үчүн болгон согушта (1740‒48) Мария Терезия жеӊип чыккан. 1756‒62-ж. жети жылдык согуштун жүрүшүндө Габсбургдардын Пруссиядан Силезияны кайтарып алуу аракети ийгиликсиз аяктаган. 18-кылымдын аягы ‒ 19-кылымдын башында Австрия наполеондук Франция менен болгон согуштарга катышып, бирок жеӊилип калган. 1859-ж. Италия жана Франция, 1866-ж. Пруссия жана Италия менен болгон согуштарда Австрия Италиядагы ээлеген жерлеринен жана герман мамлекеттериндеги таасиринен ажырайт. Австрия империясында кризис күчөп, 1867-ж. дуалисттик, экилтик монархия ‒ Австрия-Венгрия деген аталыш менен кайра түзүлгөн. 1879-ж. Австрия-Венгрия Германия менен бирдикте Россияга жана Францияга каршы союз түзгөн. 1914-ж. 15(28)-июнда Сараеводо сербиялык улутчулдар тарабынан Австрия-Венгрия тактысынын мурасчысы Франц-Фердинанддын өлтүрүлүшү биринчи дүйнөлүк согуштун башталышына шылтоо болгон. Биринчи дүйнөлүк согушта (1914‒18) Австрия-Венгрия Германиянын негизги союздашы катары катышкан. 1918-ж. октябрь‒ноябрда Габсбургдар монархиясында буржуазиялык революциянын жеӊип чыгышы менен Австрия-Венгрия империясы кулап, көз карандысыз, өз алдынча Австрия, Венгрия, Чехословакия мамлекеттери түзүлүп, 1918-ж. 12-ноябрда Австрия Республикасы болуп жарыяланган. 1919-ж. 10-сентябрда Австрия менен Антанта державаларынын ортосунда Сен-Жермен тынчтык келишимине кол коюлуп, мамлекеттин чек арасы такталган. Өлкө 7 округга бөлүнүп, Австрия аталышы Чыгыш маркасы болуп өзгөртүлгөн. 1942-жылдан Альпы менен Дунай округдары деп аталып, Австрияда фашисттик оккупациялык режим орнотулган. Бардык саясий партияларга тыюу салынган. 1938-ж. мартта Германия Австрияны басып алып, 2-дүйнөлүк согушта ал Германия тарабында согушкан. 1945-ж. жазында Австрияга СССР, АКШ, Англия жана Франциянын аскерлери кирип, басып алынган өлкөнүн аймагы 4 зонага бөлүнгөн. 1955-ж. 15-майда СССРдин, АКШнын, Улуу Британиянын, Франциянын жана Австриянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен көз каранды эмес жана демократиялык Австрияны калыбына келтирүү жөнүндө Мамлекеттик келишимге кол коюлган. Келишимге ылайык, басып алынган аскерлерди Австриядан чыгарып кетүү 1955-ж. 25-октябрда аяктаган. 1955-ж. 26-октябрда Австриянын парламенти өлкөнүн бейтараптыгы, анын согуштук союздарга кошулбоосу жана анын аймакка чет өлкөлүк согуш базаларынын түзүлүшүнө жол берилбөөсү жөнүндө мыйзам кабыл алган. Өлкөдө индустриализация жана урбанизация процесси тездеген. 1951-ж. калктын 2/3 бөлүгү шаарларда жана посёлоктордо топтолгон. Австриянын ички саясаты негизинен «социалдык өнөктөштүктүн» принциптерине багытталган, негизги социалдык топтордун таламдарын билдирген эмгек акы жана баалар боюнча аракеттерин ишке ашырат. Австрия өкмөтү бир катар социалдык реформаларды жүргүзгөн. 1966-ж. Австрия элдик партиясынын (АНП) бир партиялуу өкмөтү түзүлгөн. 1970–83-жылдар Австрия Социалисттик партиясы (СПА) башкарган мезгил негизинен бундесканцлердин кызматын аркалаган «Б. Крейскийдин доору» болгон. Бул учурда «социалдык мамлекеттин» австриялык модели калыптанган. Австрия этникалык жана улуттук азчылыктардын проблемасын ийгиликтүү чечүүнүн жолуна түшкөн. 1986-ж. Австрия социалисттик партиясы (СПА) менен Австрия эркиндик партиясынын (АПС) ортосундагы «чакан коалиция» мезгилинен кийин (1983–86) бийликке кайрадан СПА жана АПС өкмөтүнүн келиши менен «Жашылдар» ж. б. либералдар парламентке шайлана баштаган. 1992-жылдагы шайлоодо Австрия элдик партиясынан (АНП) Т. Клестил президент болуп шайланган. 2010-жылдын 25-апрелиндеги президенттик шайлоодо Х. Фишер экинчи мөөнөткө шайланган (80%ке жакын добуш алган). 2015-жылдын аягы 2016-жылдын башында мыйзамсыз миграциянын алдын алуу максатында Словения жана Италия менен чек араларда коргоочу курулуштар курулган. Бирок, өлкөдө саясий туруксуздук күчөп, 2016-ж. 18-майдагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. 2016-жылдын 4-декабрында кайра шайлоо өтүп, анда Вандер Беллен 53,8% добуш менен жеңишке жеткен. 2019-ж. башкаруучу коалиция ыдырап кеткен. 2019-ж. мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо АНП кайрадан парламенттик көпчүлүктү жеңип, Жашыл-Жашыл альтернатива партиясы менен коалиция түзгөн. 1955-ж. декабрдан Австрия БУУнун, 1995-жылдан Европа Союзунун мүчөсү.

ЭКОНОМИКАСЫ

Австрия ‒ Европадагы экономикасы жогорку деӊгээлде өнүккөн өлкө. Ички дүӊ продукциясынын көлөмү 323,1 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 39,4 миӊ доллардан (АКШ, 2009) туура келип, дүйнөдөгү эӊ бай 15 өлкөнүн катарына кирет. Экономиканын өнүгүшүндө чет элдик туристтерди (жылына 18,6 млндон ашык; 2003) тейлөөнүн мааниси чоӊ. Өнөр жай продукциясынын 20%дан ашыгын (металлургия, тоо-кен, энергетика) мамлекеттик сектор өндүрөт. Өнөр жайы оор индустриянын негизинде тез темп менен өнүгүүдө. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү боюнча Батыш Европадагы 10 өлкөнүн катарына кирет. Тоо-кен казуу өнөр жайы кен байлыктардын негизинде иштейт. Темир (Эйзенэрц), коргошун, цинк (Блейберг руднигинде), жез (Зальцбург), графит (Штирия), аш тузу (Зальцкаммергут, Бад-Ауесе, Бад-Ишль, Жогорку Альп аймагында), нефть (жылына 1 млрд м3), жаратылыш газы (1,5 млрд м3) казылып алынат. Көптөгөн өнөр жай фирмаларынын өндүргөн өндүрүмдөрү чет элдик керектөөлөрдү канааттандырат. Өнүккөн өнөр жай тармактары: машина куруу, кара металлургия (3‒4 млн т чоюн, 4‒5 млн т болот, 4 млн тга жакын прокат), күкүм металлургиясы (90%ы экспортко кетет), түстүү металлургия, технологиялык жабдуулар, элекр-техникалык, радиоэлектроника (аудио-видеотехника, телевизор, компакт-диск), машина куруу (Штайр, автокыймылдаткычтар «БМВ», «ИMW»; Асперн, «Опель-Аустриа»; мотоцикл, велосипед), нефть ажыратуу (Швехат, жылына 10 млн т), химиялык (Линц ‒ жер семирткич, меламин, мочевина, полиэтилен), жыгаччылык, кагаз. Негизги өнөр жай борборлору: Вена (электровоз, локомотив, өзү жүрүүчү көтөргүч крандар), Грац (пассажир, товар вагондору), Енбах (тепловоз, дизель мотору, вагондор). Ошондой эле курал-жарак чыгаруучу (Штайр ‒ аскердик оор техникалар, ок атчу курал-жарак, Хиртенберг ‒ курал-жарак, ок-дары) өнөр жайы да өнүккөн. Гидроэнергия ресурстарына бай тоо дарыяларында көптөгөн ГЭСтер курулуп, алар өлкөнүн энергияга болгон керектөөсүн толугу менен канааттандырат. 2008-ж. 66,8 млрд кВт.с

АВСТРИЯ32.png

электр энергиясы өндүрүлгөн. Электр энергиясын өндүрүү боюнча дүйнөдө алдыӊкы орунда (киши башына жылына 7 миӊ кВт.с) турат. Украинанын Чернобыль АЭСиндеги апааттан кийин (1986) атом энергиясын пайдаланууга тыюу салынган. Өлкөнүн аймагынын 40%ын айыл чарбага жарактуу жер ээлейт. Айыл чарбага жарактуу жердин 1,5 млн гасы айдоо аянты, бакчачылык, жүзүмчүлүк, 1,9 млн гасы шалбаа жана жайыт, 22%ы альп шалбаасы. Айыл чарбасында сүт жана эт багытында мал чарбасы (айыл чарба азык-түлүгүнүн 2/3си) өнүккөн. Бодо мал, чочко, кой асыралып, үй куштары багылат. Буудай, арпа, сулу, кант кызылча, жүгөрү, кара буудай, тоют өсүмдөктөрү айдалат. Жүзүмчүлүк өнүккөн, жемиш бактары көп. Өлкөнүн жүк ташуусу негизинен куур жана деӊиз транспорту аркылуу жүргүзүлөт. Башкы темир жол түйүндөрү: Вена, Линц, Грац, Филл. Темир жолунун узундугу 6,4 миӊ км (анын 3,5 миӊ кми электрлештирилген). Альпыда 10 тешкен тоо (ар биринин узундугу 1 кмден кем эмес; эӊ узуну Альберг ‒ 14 км) курулган. Автомобиль жолунун мааниси (узундугу 107,3 миӊ км) да чоӊ. Дунайда кеме жүрөт. Негизги порттору: Линц, Вена. Эл аралык 6 аэропорту (ириси Вена-Швехат), «Аустриан Эйрлайнз» ири авиакомпаниясы бар. Машина, машина жабдуулары, жеӊил автомобилдер жана аларга тетиктер, химиялык продукциялары, текстиль, бут кийим, азык-түлүктөр, электр-техникалык буюмдар, дарыя кемелери, целлюлёза, алюминий, азот жер семирткичи, жасалма була, магнезит, электр энергиясы экспорттолот. Негизги сырткы соода шериктери: Германия, Италия, Франция, АКШ, Швейцария, Венгрия, Россия.

Маданияты

Австриянын билим берүүсүнө Билим, илим жана маданият федерация министрлиги жетекчилик кылат. Австриянын билим берүү системасы мектепке чейинки мекемелерди, мектептер, кесиптик мектептерди жана ЖОЖду камтыйт. 1972‒2001-ж. университеттер мамлекеттин эсебинде болуп, окутуу акысыз болгон. 2002-жылдан акы төлөп окутуу киргизилген жана учурда 28 университеттин алтоосу жеке менчик. Австрияда Вена, Грац, Зальцбург, Инсбург университтери, ошондой эле Вена жана Грацдагы техникалык университет, Венадагы экономикалык университети, Австрия Илимдер Академиясы, илимий коомдор, улуттук китепкана, көркөм-тарых музейи ж. б. бар. Өлкөдө коомдук-саясий «Кляйне цайтунг», «Оберэстеррайхише нахрихтен», «Прессе», «Штандарт» ж. б. гезиттер, «Ньюс», «Профиль» журналдары, ошондой эле «Эстеррайхишер рундфунк» аттуу эӊ ири коомдук-укуктук телерадиокомпаниясы белгилүү. Австрия аймагында пайда болгон «Христтин өмүрү», «Антихрист», «Кыямат кайым», «Өлүм тууралуу эскертүү» ж. б. адабий эстеликтер 12-кылымга таандык. Ал эми ошол доордо өтө белгилүү болгон «Нибелунгдар жөнүндөгү ыр», «Нибелунгду жоктоо», «Кудрун» эпостук-баатырдык поэмалары 12‒13-кылымдардын чегинде жаралган. Венада рыцардык маданияттын өнүгүшү менен миннезингерлердин (Рейнмар фон Хагенау, Вальтер фон дер Фогельвейде, Ульрих фон Лихтенштейн) чыгармачылыгы өркүндөгөн. 13-кылымда шаарлардын көбөйүшү менен бюргердик адабият, анын негизги жанры шванк (Штриккердин «Поп Амис» жыйнагы) өнүккөн. Кайра жаралуу доорунда 15-кылымдын 2-жарымында Вена университетинде Цельтистин жетекчилиги алдында уюшулган окумуштуулар менен акындардын ийрими австриялык гуманизмдин борбору болуп калган. 15‒16-кылыдарда элдик комедия, 16-кылымдын аяк ченинде иезуиттик драма жанры пайда болот. Өлкөдө агартуу идеясы 18-кылымдын ортосунан тарай баштаган. Акын А. Блумауэр ишенич менен илимдин ортосундагы келишпестиктер тууралуу «Эней баатырдын жоруктары» поэмасын, «Эрвин фон Штейнгейм» драмасын жараткан. 1918‒45-ж. адабияттагы көрүнүктүү орун публицист жана сатирик К. Крауска тиешелүү. Фашисттик Германия Австрияны басып алгандан кийин андагы маданияттын алдынкы өкүлдөрү мекенин таштап кетүүгө аргасыз болгон. Эмиграцияда жүрүп, Й. Рот, Р. Музиль, С. Цвейг, Ф. Верфель, Й. Луитпольд фашизмге каршы публицистикалык чыгармаларын жазышкан. 1950-ж. Х. фон Додерер, Г. Фрич, Х. Цанданын романдарында согуштун залдары чагылдырылган. Х. Леберттин романдары, Ф. Хохвельдердин драмалары антифашисттик өӊүттө жазылган. 1958-ж. адабият тармагында «Вена тобу» (Х. Нич, О. Мюль, К. Бремер ж. б.), «Грацев тобу» (П. Хандке, Б. Фришмут, Э. Елинек) түзүлүп, жаш жазуучуларды бириктирген. Учурда Н. Гштрайн, Р. Кнапп, Д. Кельман, Э. Елинек (Нобель сыйл. ээси) сыяктуу таланттуу жазуучулар өсүп чыкты.

Вена. Австрия парламентинин имаратынын алдындагы Афины Палладанын статуясы.

Австриянын аймагында байыркы Рим маданиятынын жана роман менен готика стилиндеги эстеликтер сакталып калган. Кайра жаралуу доорунун маданиятына шаардык имараттар, аксарайлар, А. Пильграманын айкелдери, В. Хубердин живописи кирет. Австрия искусствосунун өнүгүшү Барокко доору менен (ошол мезгилде өзгөчө кооздолгон имараттар, чиркөө ж. б.) байланыштуу. Мисалы, архитекторлор И. Б. Фишер фон Эрлах менен Й. Э. Фишер фон Эрлах ‒ Венадагы ыйык Карл Борромей чиркөөсүн, Л. Хильденбранд ‒ Бельведер аксарай ансамблин курушкан. 19-кылымдын 1-жарымында архитектурада классицизм стили, живописте романтика өкүм сүргөн. 19‒20-кылымдын ортосунда «модерн стили» (архитекторлор Й. Ольбрих, О. Вагнер, Й. Хофман, живописчи Б. Климт) пайда болот. Живопись менен графика да экспрессия менен фантастика (Э. Шиле, О. Кокошка, А. Кубин), скульптурада абстракционизм өнүгөт. Учурда австриялык көрүнүктүү архитекторлор Х. Холляйн, В. Хольцбауэр, Г. Пайхл тарабынан курулган имараттар Европанын көп өлкөлөрүнө белгилүү. Австрия музыкасына андагы калктын ар түрдүүлүгү, алардын маданияты менен каада-салттары, ошондой эле Германия жана Италиянын музыка өнөрү түздөн-түз таасирин тийгизген. 8‒12-кылымда монастырлар музыкалык маданияттын борбору катары эсептелген. 15-кылымда Вена, Инсбрукта сарай капеллалары пайда болгон. 17‒18-кылымдарда Венада чиркөө музыкасын, ораториялык чыгармаларды, операларды жараткан италиялык мектептин белгилүү композиторлору А. Чести, Н. Порпора, А. Сальери жашап эмгектенген. 17-кылымдын ортосунда Венада опералык театр, 1741-ж. «Бургтеатр» курулуп, Вена опералык искусствонун борборунун бирине айланат. 18-кылымдын орто ченинде Г. Муффат, Г. К. Вагензейль, М. Монн ж. б. негиздеген «эски» Вена мектеби, 18-кылымдын 2-жарымында немец композиторлору Й. Гайдн, В. Моцарт, Л. Бетховен негиздеген Вена классикалык мектеби түзүлгөн. 19-кылымдын 1-жарымында австриялык музыкада романтизм багытынын баштоочусу Ф. Шуберт болгон. 19-кылымда Австрия вальс бийинин мекени аталган. Бул жанрдын негиздөөчүлөрү Й. Ланнер жана ата-бала Штраустар болгон. 19-кылымдын аяк ченинде вена опереттасы жаралган. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү: Ф. Зуппе, И. Штраус, И. Кальман ж.б. 19-кылымдын аягы ‒ 20-кылымдын башында симфониялык музыканын новатору Г. Малер тарабынан классикалык музыканын тарыхында симфония дагы бийиктеген. 1938-ж. Австриянын фашисттик Германияга бириктирилиши менен көпчүлүк музыканттар эмиграцияга кетүүгө аргасыз болушкан. Дүйнөлүк музыка искусствосунун өнүгүшүнө композиторлор: А. Шернберг, А. Берг, А. фон Веберн, Э. Веллес, Х. Э. Апостель, оперетта авторлору: Р. Штольц, Н. Досталь, австриялык музыка изилдөөчүлөр: Э. Веллес, Э. Шенк, О. Э. Дойч, дирижерлор: Ф. Штидри, К. Бем, К. Краус ж. б., пианисттер: А. Шнабель, П. Бадура-Скода, Ф. Гульда ж.б., ырчылар: Р. Таубер, Х. Гюден, И. Зифрид, Л. Величтер, учурдагы белгилүү композиторлор: Р. Хаубеншток-Рамати, Ф. Церка зор салым кошту. Венада «Театер ан дер Вин» (1801), Вена мамлекеттик операсы (1918), Вена филармониялык оркестри (1842), «Фольксопер» театры (1898), Музыка жана сахна өнөрү университети, «Моцартеум» университети ж.б. бар. Вена, Зальцбургда, Брегенц шаарында эл аралык конкурстарды жана фестивалдарды өткөрүү салтка айланган. «Бургтеатр» ‒ Австриянын эӊ көрүнүктүү театры. Театр 1741-ж. негизделген, анда белгилүү «Кызыл алтын жөнүндө рондо» балетинен көрүнүш. Г. фон Эйнема. Хореограф. Ханка. Вена мамлекеттик опера театры. 1955. актёрлор М. Корн, С. Шредер, Г. Аншюц ж. б. көп эмгек сиӊиришкен. Бул театрда Вена опереттасы жаралган жана дүйнөгө атагы тараган. 1920-жылдан Вена, Грац, Зальцбург, Инсбрук, Линц шаарында жыл сайын эл аралык театр фестивалдары, форумдар өтүп турат. Австрияда алгачкы кинофильм «Баскычтан баскычка» (реж. Х. Ханус) 1908-ж. тартылган. 1920‒25-ж. кино искусствосу бир топ жогорулап, «Принц жана кайырчы» (1920, реж. А. Корда), «Содом жана Гоморра» (1922, режиссёру М. Кертиц) ж. б. 70тей фильм тартылган. 20-жылдардан кийин чет өлкөлүк фильмдерди алып келүүнүн көбөйүшү кино өндүрүшүнүн начарлашына, ал эми Австриянын фашисттик Германиянын курамына бириктирилиши менен биротоло токтоп, 1945-жылдан соӊ гана калыбына келген. 1955-ж. Кино архив, 1964-ж. Кино музей түзүлгөн. Учурда П. Вессели, М. Андергаст, Т. Линген, Х. Мозер, Максимилиан жана Мария Шелл, Р. Шнайдер, К. М. Брандауэр, О. В. Фишер сыяктуу актёрлору белгилүү.

Ад.: Степанов Л. Л. Австрия. М., 1966; Мухин А.И. Австрия. М.,1979; Малые страны Западной Европы. М., 1984; Муравлева Н. В. Австрия. Лингвострановедческий словарь. М., 1997; Австрия: 4-е изд. М., 2003.

Ө. Бараталиев, Р. Карачалова, А. Орозов, Ш. Керимова.