АВЛЕТИМ (суу)

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АВЛЕТИМ – Аксы районундагы суу, Кара-Суунун (Нарындын алабы) оң куймасы. Узундугу 35 км, алабынын аянты 863 км2. Чаткал кырка тоосунун түштүк-чыгыш капталынан башталат. Майда кирип, ноябрда тартылат. Жогорку жана ортонку бөлүгү кууш өрөөн аркылуу агат. Жылдык орточо чыгымы 10,6 м3/сек; эң көбү – 20 м3/сек, эң азы – 5,6 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Боюнан Авлетим кыштагы орун алган.