АВИАЛАЙНЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:10, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АВИАЛАЙНЕР– жүргүнчүлөрдү ташуучу ири самолёт. Үзгүлтүксүз жана чартердик каттамдарда учат. Аба транспорттук тейлөө кызматы би-

«Боинг-767» авиалайнеры.

ринчи дүйнөлүк согуштан кийин башталган. Алгачкы Авиалайнер катары аскердик самолёт колдонулуп келсе, 1930-жылдардын башынан Европа, Америка авиакаттамдарында атайын жасалган, ыңгайлуу самолёттор каттай баштайт. Азыр 500 орундуу реактивдүү авиалайнелер бар. Алгачкы реактивдүү авиалайнерлер Ту-104, «Комет», «Боинг» 1950-жылдарда турбореактивдүү «Боинг-747», Ил-62 1970-жылдарда, үн ылдамдыгынан тез учуучу Ту-144, «Конкорд» авиалайнери 1976-жылдарда ишке киргизилген. Бул кенен фюзеляждуу самолёттор – акыркы жетишкен ийгиликтер.