АВЕРРОИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:10, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АВЕРРОИ́ЗМ – 13–16-кылымдардагы батыш-европа философиясындагы араб философу Ибн-Рушд Мухаммед (лит. Аверроэс) негиз салган философиялык-теологиялык багыт. Аверроизмдин өкүлдөрү «тиги дүйнөнүн» бар экендигин танышып, билимди динге, философияны теологияга каршы коюшкан. Материя менен кыймылды эч ким жараткан эмес, алар түбөлүктүү. Ал эми адамдын акылы болсо, чындыкты таанып-билүүгө жөндөмдүү. Аверроизм ислам ортодоксу тарабынан катуу куугунтукка алынган. Анткени, Аверроизм дүйнөнүн пайда болушунун башталыш себеби, биринчи кыймылдаткычы - таза акыл-эс деп тааныган, бирок аны Кудай жараткан эмес, ошондой эле жеке адамдын жаны түбөлүк эмес деп далилдешкен.
Т. Эсенгелдиев.