АВДИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:10, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АВДИЙ (евр. Обадия – Кудайдын кызматкери) – 12 кенже пайгамбардын бири; Авдий аттуу библия китебинин автору. Болжол менен б. з. ч. 6–5-кылымда жашап өткөн. Авдий китеби пайгамбар Иереминин китебине окшошурак жана майдаланып бөлүктөргө ажырайт: туугандарды өлтүргөн араздыгын туудурган Едомдун айыбын ачуу жана анын соттолушу; Едомду адилеттүү жазалоо; Кудайдын күнү жана бардык элдердин үстүнөн Кудай сотунун жүрүшү. Авдий Израилдин Ыйык жерди бийлөөсү калыбына келтирерлигин жана ал жер Кудайдын кудуретинин болочок бейнеси болот деген. Авдий мындай деп белгилеп кеткен: элдердин келечеги боло турганы алардын ыймандык абалына жараша болот. Авдийди эскерүү күнү православиелик чиркөө Улуу посттун биринчи жумасы 19-ноябрда (2-декабрда) белгиленет.