АВАНТЮРАЛЫК АДАБИЯТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:09, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АВАНТЮРАЛЫК АДАБИЯТ (фр. – жорук-жосун) – чыгармадагы каармандардын күтүлбөгөндөй таң каларлык жорук-жосундарын, алар башынан кечирген укмуштуу окуяларды, курч кырдаалдарды баяндаган чыгарма. Көбүнчө ойдон чыгарылган сюжеттер, кыялдануудан келип чыккан сюжеттер, уламыштык мотивдер кеңири пайдаланылат. Орто кылымдагы рыцарлардын жоруктары, соодагерлердин ар кандай мамлекеттерге саякаттары сыяктуу окуялар сүрөттөлгөн авантюралык романдар дүйнөлүк адабиятта көп кылымдар бою кызыгуу менен кабыл алынып келүүдө.