АБУ ДУЛАФИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:39, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБУ ДУЛАФ, толук түрүндө Абу Дулаф Мис’ар ибн ал-Мухалхиль ал-Хазражи ал-Янбу’и – 10-кылымдагы араб саякатчысы, географ жана акын. Туулган-өлгөн жылдары белгисиз, айрым үзүл-кесил маалыматтар боюнча ал Кызыл деңиздин жээгиндеги (азыркы Сауд Арабиясы) Янбу (Йанбу) деген порт шаарда төрөлүп, самандар династиясынын эмир Насыр II ибн Акматтын (914–943) сарайында кызмат өтөгөн. 942-жылы Бухарага келген Кытай өкүлүн коштоп, Орто Азия, Чыгыш Түркстан, Тибет, Кытай, Индияны басып өтүп, Сежестан аркылуу «Ислам өлкөсүнө» кайтып келген. Абу Дулафтын «Рисала ал аввал» («Алгачкы кыскача кат»), «Рисала ал ухра» («Экинчи кыскача кат») географиялык-этнографиялык мазмундагы саякат баянын жазган. Караханиддер кагандыгынын алгачкы мезгилдеги тарыхын, мамлекеттин чыгыш бөлүгүндөгү аймактардын тарыхый-географиялык абалын жана ал жактагы уруулардын саясий-этникалык турмушун изилдөөдө анын эмгектери эң баалуу булактардан. Караханиддердин курамына кирген чигил, гуз, карлук жана кыргыздар жөнүндө кызыктуу маалыматтар учурайт. Абу Дулаф 942-жылы бир катар уруулардын ээликтерин кыдырып чыккан. Чигилдердин конуштарын кырк күн бою саякаттап, алардын али мусулман боло электигин, өз алдынча мамлекети жок жана аларды коңшу уруулар талап-тоноп, баш ийдиргенге аракет кыларын жазган. Кыргыздар тууралуу баяндап, алар тарууну, күрүчтү тамак-аш катары колдонорун жана төө этинен башка мал этинин баарын жей тургандыгын жазган. Алардын сыйынуучу үйү жана өз жазмасы бар, токтоолугу жана сактыгы менен айырмаланышат, шам өзү өчмөйүнчө өчүрүшпөйт. Сыйынганда өзгөчө ыраат менен сүйлөнгөн тилди колдонушкан. Асабасы жашыл түстө, падышасы эл камын көрүп, калкы да аны урматташканы, такка жашы кырктан ашкан адам гана отура турганы баяндалган. Акыркы маалыматтар 10-кылымдагы Чыгыш Теңир-Тоонун жана Чыгыш Түркстан аймактарын жердеген кыргыздарга карата айтылган. Абу Дулафтын саякаты тууралуу үзүндүлөр Йакуттун «География сөздүгүндө» (10-кылым) жана Казвининин космографиясында эскерилген. Автордук кол жазманын толук жыйнагы 1923-жылы Мешхед шаарынан табылган.

Ад.: Абу Дулаф. Вторая записка. М., 1960; Бартольд В. В. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер.Б., 1996; Караев О. Арабские и персидские источники IX-XII вв. О киргизах и Киргизии. Ф., 1968; Караев О. История Караханидского каганата (X нач. XIII вв.) . Ф., 1983.

Т. Асанов.