АХЕЙ СОЮЗУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:07, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 ‒ Пелопоннестеги (Грекиянын түш. тарыхый-геогр. аймак) байыркы грек шаарларынын Македонияга каршы федерациясы (280‒146). Алгач А. с. Ахайидеги (союздун аталышы ушундан келип чыккан) 12 аймактын бирикмеси болгон, бирок б. з. ч. 4-к-дын ортосунда таркап кеткен. 280-ж. Македонияга каршы ахейлик 4 полистин (шаар-мамлекеттин) федерациялык мамлекети катарында кайрадан түзүлүп, 275-ж. ага Эгион ж-а бүткүл Ахайя аймагы, Коринф, Эпидавр, Мегара ж. б. полистер кошулган. Ушундан кийин А. с. күчтүү бирикмеге айланып, Пеллопоннестеги македониялык гегемонияны жоюуга жетишкен. Союзга кирген шаарлар арасында теӊ укуктуулук сакталган. Жогорку бийлик жылына эки жолу Эгиондо өтүүчү чогулушка таандык болгон. Чогулушка союзга мүчө ар бир шаардан бирден өкүл катышкан. Союздун чыгашалары анын мүчөлөрүнөн чогултулган, о. эле алар аскер берип турууга да милдеттенишкен. А. с. өзүнүн акчасын басып чыгарган, чен-өлчөмдөрдүн бирдиктүү системасын кийирген. Рим м-н Македониянын ортосундагы согушта (200‒197) А. с. Рим тарабына өткөн. А. с-нун күчөшүнөн ж-а анын курамына Спарта, Элида ж-а Мессения нын кошулушунан чочулаган римдиктер б. з. ч. 146-ж. А. с. таратып жиберген. Анын аймагын да Ахайя деп аталган Рим империясынын провинциясы түзүлгөн.