АБУ-САФА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:39, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБУ-САФА - Сауд Арабстан менен Бахрейн мамлекеттеринин аймагында жаткан эбегейсиз көп нефть кени. Рас-Танура портунан 50 км түндүк-чыгышындагы Перс булуңу нефть-газ бассейининин курамына кирет. Кен 1963-жылы ачылган, 1966-жылдан иштетилет. Алгач нефтинин запасы 850 млн т, газдыкы 90 млрд м3 болгон. Борбордук Араб көтөрүлүүсүнүн аймагында. Нефтинин жогорку юра мезгилине таандык 3 кени белгилүү. Ал 3 жерден казылып алынат. Тереңдиги 2,28 км, тыгыздыгы 876 кг̸ м3. Нефтинин курамында S – 2,4%. Нефть Рос-Танура нефть терминалы аркылуу жөнөтүлөт.