АБУ-Л-ФИДА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:39, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБУ-Л-ФИДА Исмаил ибн Али [толук аты-жөнү ал-Малик ал-Муайяд Имадуддин Абул-Фида Исмаил ибн (ал-Афдал) Али ибн (ал-Музаффар) Махмуд ибн ал-Мансур Мухаммад ибн Таки ад-дин Умар ибн Шахин-шах ибн Айюб (1273, Дамаск шаары, Аюбиддер султандыгы – 27. 10. 1331, Хама шаары, Мамлюктар султандыгы)] – араб географы жана тарыхчы. Абу-л-Фиданын ата-бабалары аюбиддер (курд) тукумунан чыккан эмирлерден болгон. Теги ак сөөк болгондуктан жаш кезинен тафсир (куран китебинин мааниси), философия, логика, медицина, ботаника, тарых, география илимдеринен өтө жакшы билим алган. Он эки жашынан крестүүлөргө каршы согуштарга катышып, кийинчерээк Хама шаарынын эмирлигине дайындалган. Жаш чагынан өз көзү менен көргөн окуяларды жазууга киришип, 1329-жылы «Мухтасар фи тарих аль-башар» (Адам баласынын кыскача тарыхы) аттуу беш бөлүмдөн турган негизги эмгегин жазып бүтүргөн. Бул чыгарманы жазууда ал негизинен Ибн ал-Асирдин (1160–1233/34) «Ал-камил фи-т-та’рих» (Тарыхтардын толук жыйнагы) деген көлөмдүү эмгегин пайдаланган. Анын биринчи бөлүмү Адам атадан исламга чейинки пайгамбарлар жана падышалар тууралуу айтылат. Экинчи бөлүмү байыркы перс, үчүнчүсү – египет, грек, рим, төртүнчүсү – Мухаммед пайгамбарга чейинки араб падышаларын, бешинчиси ар кайсы элдердин (мисалы, сириялыктар, сабейлер, перстер ж. б. Африканын түндүгүн мекендегендер) тарыхы жана  Мухаммед пайгамбардын туулушунан 1328-жылдагы окуялар менен жыйынтыкталат. Ошондой эле бул эмгекте Абу Бакр ар-Рази, Фараби, Ибн Сина, Имам Шафии, ат-Табари ж. б. тууралуу маалыматтар кезигет. Абу-л-Фиданын кийинки эмгеги «Таквим ал-булдан» (Өлкөлөрдү тартип боюнча жайгаштыруу) деп аталып, ал эки бөлүмдөн турат. Анын биринчи бөлүмүндө автор Птолемей, Идриси, Ибн Хаукал, Истахри, Беруни сыяктуу ж. б. окумуштуулардын эмгегин пайдаланып, таблица колдонуу аркылуу алгачкы жолу ар аймактагы жер-жайлардын координатын түзүп чыккан. Ошондой эле ушул бөлүмдө урандыга айланган байыркы шаарлар, тарыхый жана маданий эстеликтерден кабар берилет. Экинчи бөлүмү Араб жарым аралынан баштап, 28 аймакка (иклим) бөлүнгөн жер шарынын жалпы географиясын камтыйт. Ар бир аймакты сүрөттөөдө адегенде географиялык абалы, климаты, калкы; андан кийин координатын келтирүү менен ири шаарлар тууралуу айтылат. Мисалы, Птолемей жана Беруни түзгөн астрономиялык таблицаларды пайдаланып, Караханиддер доорундагы Баласагын, Исфиджаб, Кашкар сыяктуу ж. б. шаарлар жайгашкан географиялык координаты көрсөтүлөт. Абу-л-Фиданын бул эмгеги лингвисттер Ж. Т. Рейно (J. T. Reinaud) жана С. Гюяр (S. Guyard) тарабынан 1840-жылы «Абулфеданын географиясы» (Gеographie d'Aboulfеda) деген аталыш менен француз тилине которулган. Ал жарык көргөндөн кийин окумуштуулар чөйрөсүндө өтө жогорку баага татып, Абу-л-Фиданын ысымы Айдын бир кратерине берилген.

Ад.: Крачковский И. Ю. Избранные сочинения. Т. IV. М.-Л., 1957.