АБСОЛЮТИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:37, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБСОЛЮТИЗМ, чексиз монархия – жогорку бийлик бүт бойдон монархка (император, король, падыша, хан) таандык болгон мамлекеттик башкаруунун формасы. Абсолютизм мамлекеттик бийликтин жогорку деңгээлде борборлоштурулушу, анын таянычы катары кеңири кулач жайган бюрократтык башкаруу аппаратынын, туруктуу армия жана полициянын түзүлүшү менен мүнөздөлөт. Орто кылымдарда абсолюттук монархия орногон мамлекеттерде сословиелик өкүлчүлүк органдары жоюлган же алардын таасири төмөндөгөн. Абсолютизм Батыш Европа өлкөлөрүндө 17–18-кылымдарда, Россияда (самодержавие) 18-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында жогорку деңгээлге жеткен. 17–18-кылымдарда алгачкы буржуазиялык революциялар Абсолютизмди кулатып, конституциялык монархияны (Англияда) же республиканы (Францияда) орноткон. Россияда Абсолютизм 1917-жылы февраль революциясынын, Бухара менен Хивада 1920-жылы элдик революциянын, Түркияда 1921-жылы улуттук-боштондук күрөштүн натыйжасында кулатылган. Абсолютизм азыркы күндө Бириккен Араб Эмираттары, Оман, Катар жана Сауд Аравиясы сыяктуу мамлекеттерде орун алган.