АБРУЙ КӨТӨРҮЛҮШҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:36, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБРУЙ КӨТӨРҮЛҮШҮ – 6-кылымдын 80-жылдарында төмөнкү Согда аймагында жергиликтүү жер ээлерине жана соодагерлерге каршы чыккан көтөрүлүш. Анын башында Абруй турган. Бухара тарыхчысы Наршахинин маалыматы боюнча Абруй Пайкенд аймагын басып алган. Ошондон кийин бай дыйкандар Жети-Сууга качып барышып, түрк каганы Кара-Чордон жардам сурашкан. 585-жылы көтөрүлүштү Кара-Чордун колу келип баскан, Абруй өлтүрүлгөн.