АБО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:35, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБО – Кыргыз кагандыгындагы белгилүү кол башчы (9-кылымдын орто чени). Або тууралуу маалымат кытай булактарында кездешет. Андагы маалыматтар боюнча кыргыз өкүмдары 840-жылы Уйгур кагандыгын талкалап, анын ордосун ээлегенден кийин уйгур каганынын зайыбы, түпкү теги кытай ханайымы Тайхону туткундаган. Ал Кытай мамлекети менен мамиле түзүү максатын көздөп, 841-жылы ханайымды элчи Түлүш Алптын коштоосунда Тан империясына жөнөтөт. Кыргыз элчилигине жолдон уйгур каганы Уцзе кол салып, алар ханайым Тайходон бөлөгүнүн баарын өлтүрүшүп, Гоби аркылуу азыркы Монголиянын чыгыш тарабына качып барышат. Кыргыз өкүмдары алардын артынан аскер башчы Або баштаган 70000 аскер жөнөтөт. Ал Тяньдэ воеводствосунун түштүк-батышы аркылуу жол тартып, шивейлерге кол салып, мында калган уйгурларды туткундап, аларды Гоби чөлүнүн түндүк бөлүгүнө жайгаштырган.
М. Кожобеков.