АБЛАКТИРОВКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:35, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБЛАКТИРОВКА (лат. ablacto - баланы эмчектен чыгарам) – өсүмдүктүн бутагын кеспей, ийип кыйыштыруу жолу. Жанаша өскөн эки өсүмдүктүн бутагын бирдей өлчөмдө жонуп, жонгон жерди тийиштирип бекем байлайт. Кыйыштыруу үчүн жонулган үстүнкү бутакта бүчүр болуш керек. Кыйыштырылган жер толук бүтүп, бир жыл өткөндөн кийин калтырылган бүчүрдөн жаңы өркүн пайда болот. Мына ошондон кийин гана кыйыштырылган жерден өйдөрөктөн бутак кесилет. Аблактировка көбүнчө мөмө бакты, кооз даракты жана жүзүмдү, бадалдарды түргө келтирип кыйыштырууда пайдаланылат.