АБИССАЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:35, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБИССАЛЬ (фр. abyssal, лат. abyssus – түпсүз), абиссаль зонасы – океан, деңиз түбүнүн эң терең (2 кмден төмөн) зонасы. Аянты 305 млн км2 (Дүйнөлүк океандын 85%, Жер шарынын 60% аянтын ээлейт). Океан таманынын 6000 мден терең жерлери ультраабиссаль зоналары катары бөлүнөт. Таманынын басымдуу бөлүгүн жайпак же дөбөлүү абиссаль түздүктөрү, ошондой эле океан ортолук кырка тоолор, платолор, жанар тоо курулуштары түзөт. Абиссаль зонасында суу тынчыраак абалда, суусунун температурасы 0,7–2°С болуп, туздуулугу (34,8±0,2%) жана тыгыздыгы дайыма туруктуу. Күн нуру жетишпей, басымы тереңдикке жараша (2–11) –107 Па, кычкылтектин орт. өлчөмү 1 лде 4–6 см2 болот. Деңиздин мындай түпкүрүн органогендүү же минералдуу заттардан пайда болгон тунма ылай каптап жатат (к. Абиссаль чөкмөлөру). Фотосинтездөөчү организмдер Абиссаль зонасында болбойт; микроорганизмдерден гетеротрофтуу жана хемосинтездөөчү бактериялар жана козу карындар учурайт. Жогорку басымга жана азык ресурстарынын аздыгына байланыштуу фаунага жарды. Жаныбарлар 2500–3000 м терендикте гидротерм суулары чыккан жерлерде («тиричилик оазиси») арбын жашайт. Тереңдикте ысык булактарга жакын ысыкка чыдамдуу организмдер жашап, алар 113°С температурада көбөйө алат. Деңиз өсүмдүктөр дүйнөсүнө бактериялардын айрым түрлөрү, сапрофит балырлары, сабактуу лилия, голотурия, моллюска ж. б. кирет. Жаныбарлары сокур же көздөрү өтө чоң болот. Алардын көбү өздөрүнөн нур чыгарып, жаркырап жүрүшөт.

Ад.: Богданов Ю. А, Каплин П. А, Николаев С. Д. Происхождение и развитие океана. М., 1978; Физическая география Мирового океана / отв. ред. К. К. Маркова, Л., 1980; Ананьев Г. С., Леонтьев О. К. Геоморфология материков и океанов. М., 1987; Залогин Б. С., Косарев А Н. Моря. М., 1999.