АБИЛДАЕВ Болот Ералханович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:34, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБИЛДАЕВ Болот Ералханович (6. 11. 1963-жылы туулган, Талас облусу, Киров айылы ) – экономика илимдеринин доктору (1998), КРСУнун ардактуу доктору, КРдин эмгек сиңирген экономисти, КРдин 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. 1985-жылы КМУнун экономика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун КРдин Борбордук статистика башкармалыгында иштеп баштаган. 1986–87-жылдары Кыргыз ССР Мампландын эсептөө борборунда улук экономист. 1987–90-жылдары Н. А. Вознесенский атындагы Ленинград финансы-экономика институтунда аспирант. 1990–91-жылдары Москвадагы СССР ИАга караштуу илимий-өндүрүштүк бирикменин коммерциялык директору. 1991–93-жылдары Кыргыз товардык-чийки зат биржасынын вице-президенти, 1993–96-жылдары бир катар коммерциялык компанияларда жетекчи кызматтарда. 1996-жылы Мамлекеттик салык инспекциясында башкы инспектор, 1997-жылы Свердлов райондук регионалдык казынанын башчысы. 1999–2000-жылдары КРдин финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын “Түндүк “ темир жол бажысынын начальниги, 2001-жылы КРдин финансы министрлигинин борбордук казынасынын директору, 2002–05-жылдары КРдин финансы министри. 2005-жылы “Газпром” ААК башкармалыгында орун басардын кеңешчиси, 2006-жылдан “Газпром Нефт Азия” ОсООнун генералдык директору, 2008–15-жылдары КРдеги “Газпром” ААКтын өкүлчүлүгүн да жетектеген. 2014-жылдан “Газпром Кыргызстан” ОсООнун генералдык директору. Абилдаев Россиянын “Звезда Содуружество”, Афганистан ветерандар союзунун “За заслуги” ордендери ж. б. медалдар менен сыйланган.