АБЖАЛИЕВ Пазыл

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:34, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБЖАЛИЕВ Пазыл (1909, Ош облусу, Ноокат району, Караван кыштагы – 2002, ошол эле жерде) – тамеки өстүрүүчү, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1950). Эмгек жолун 1930-жылы Кызыл-Кыя кен башкармасында шахтёр болуп иштөөдөн баштаган. 1033-43-жылдары Ноокат районундагы «Караван» колхозунун тамеки өстүрүү бригадасынын бригадири. 1943-46-жылдарда

АБЖАЛИЕВ51.png

Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1946-70-жылдары ошол эле колхоздо тамеки өстүрүүчү звенонун башчысы. 3,1 га жердеги тамекинин ар гасынан 19,1 цден түшүм алган. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.