АБЕТЕКОВ Асан Кемелович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:34, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБЕТЕКОВ Асан Кемелович (17. 4. 1938, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Күн-Чыгыш (Бөкөнбаев) айылы – 15. 8. 2021, Бишкек) – археолог, КРдин маданиятка эмгек сиңирген ишмери (2002). 1959-жылы КМУнун тарых факультетин бүтүргөн. 1966–72-жылдары Кыргыз ССР ИАнын Тарых институтунун илимий кызматкери, 1972–92-жылдары СССР ИАнын Орто Азия жана Казакстан археологиясынын проблемалары боюнча илимий координациялык советинин мүчөсү, «Орто Азия археологиясынын ийгиликтери» журналынын жооптуу секретары, СССР маданий фондунун Кыргыз башкармалыгынын төрагасынын орун басары, 1992–95-жылдары «Манас-1000» мамлекеттик дирекциясынын башкы адиси, 1995-жылдан КР УИАнын «Манас таануу» жана көркөм маданиятынын улуттук борборунун улук илимий кызматкери, Ж. Баласагын атындагы КУУнун доценти. Түштүк Сибирь, Тоолуу Алтай, Минусин ойдунунда (Хакасия), Енисейдин жээктеринде жана Кыргызстандын бардык чөлкөмдөрүндө коло доорунун сак, усун, гун жана түрк тилдүү көчмөн элдердин археологиялык эстеликтерин казып изилдеген (1961–90). Б.з.ч. 3-жана б.з. 5-кылымдарында жашаган усундардын «Карабалта» кыштакчасынын калдыктарын ачып (1964), алар көчмөн уруулар гана болбостон, отурукташып жашап жер иштетүү менен да кесип кылган, комплекстүү чарбасы бар байыркы элдерден болгондугун, ошондой эле Кочкор өрөөнүндөгү «Бугучу», «Куренкей», «Албанжыга» эстеликтерин изилдеп, ал жерден ачылган монументалдуу «коргон» архитектурасын, өлүктү коюу ырым-жырымын б. з. ч. 5–3-кылымдарында Теңир-Тоодо жашаган тиграхауда-сак урууларынын маданиятына таандык экендигин далилдеген. Түштүк Кыргызстандын жана Жети-Суунун көчмөн урууларынын археологиялык материалдарын классификациялоодо математикалык алпагордуу жана алгорифманы биринчи жолу археология илимине колдонгон. 100дөн ашык илимий жана илимий популярдуу макалалардын (анын ичинде«Борбордук Азия цивилизацияларынын тарыхы» History of civilizations of Central Asia, Volyme2 UNESCO, Paris 1994) автору.