АБЕЛЯР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:34, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБЕЛЯР Пьер (1079, Ле-Пале, Нантка жакын – 21. 4. 1142, Бургундия, Сен-Марсель аббатчылыгы) – орто кылымдагы француз философу, теолог, акын, концептуализмдин негиздөөчүсү. 1113-жылы өз мектебин ачкан. Пьердин жаш Элоизага, кийин жеке турмушундагы трагедияга айланган сүйүүсү алардын монастырга кетиши менен аяктаган. Абелярдын көз карашына рационализм мүнөздүү. Анын ишениминин алгачкы шарты - акыл-эс («ишенүү үчүн түшүнөм» дейт). Абелярдын ою боюнча акыл-эстин сынагына туруштук бере албаган ишеним адамга арзыбайт. Чиркөө талаптары да акыл-эс менен ырасталышы керек. Ыйык жазуулар жана чиркөөнүн жашыруун сырлары гана буга муктаж эмес. Ал чындыкты изилдөөдө ар кандай ой жүгүртүүлөрдү, анын ичинде «карама-каршы ой жүгүртүүлөрдү да талкуулоо керек» - деген. Чиркөө догмаларындагы сокур ишенимден акыл-эс алда канча артык. Ыймандуулуктун (нравалуулуктун) критерийи, чен-өлчөмү - адамдын кылык-жоругу менен уят-сыйытынын өз ара шайкеш келиши. Абелярдын чыгармалары азыр да окумдуу.

Т. Эсенгелдиев.