АБДЫРАХМАНОВ Ыбырайым

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:33, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБДЫРАХМАНОВ Ыбырайым (1888, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Чырак айылы – 12. 4.1967, Нарын облусу, Ат-Башы району, азыркы Казыбек айылы) – манас таануучу, фольклор жыйноочу жана изилдөөчү. «Манас» эпосунан тартып, кыргыз элинин тарыхый-маданий мурастарын мыкты билген. 7 жашында айылдагы молдолордон окуп, сабатсыздыгын жойгон. 12 жашында Караколдогу «Жаңы тартипке» кирип, аны 1905-жылы бүтүргөн. Улуу Октябрь революциясынан кийин билимин өркүндөтүү максатында Алматыда, Фрунзеде ачылган мугалимдик курстарда окуган. Фрунзе педагогикалык институтунун 2 жылдык адабият факультетин бүткөн (1939).

АБДЫРАХМАНОВ49.png

1935-60-жылдарда Тил жана адабият илим-изилдөө институтунда илимий кызматкер болуп иштеген. СССР Жазуучулар Союзунун мүчөлүгүнө алынган. Анын элдик мурасты жыйноого белсенип киришүүсү (1922-26) улуу манасчы Сагымбай Орозбак уулунун өз оозунан «Манас» эпосун кагаз бетине түшүрүү менен башталган. Тоң болушунда уюштурулган «Кара кыргыз эл адабиятын жыйноо ийриминин» жетекчиси Каюм Мифтаков жана ал ийримдин мүчөсү Сапарбай Сооронбай уулу экөө Нарын уездине - Теңир-Тоого командировкага барышат. Ал жерден аларга Ы. Абдрахманов менен Чаки Каптагай уулу кошулат. Ал кезде элдик оозеки чыгарманы кагаз бетине түшүрүп жыйнап алуу иши өтө ыңгайсыз татаал шартта өткөн. Абдрахманов жөнүндө К. Мифтаков минтип жазат: «...тизеге жаздык алып, үстүнө батнос коюп жаза баштадым. Бир нече бет жазгандан кийин калемсапты, жаздык, батносту Ыбырайга берип, өзүм Ыбырайдын бир нече бет жазганын карал отурдум. Анын каллиграфиясы мага абдан жакты». Манасчы Сагымбай менен Ыбырай Кочкор, Ат-Башыда көчүп-конуп жүрүп, төрт жылдын ичинде «Манастын» көлөмдүү биринчи бөлүмүн жазып бүтүрүшкөн. Абдырахманов «Манасты» жазып алууну аягына чыгарган. С. Каралаевден «Манас», «Семетей», «Сейтек» бөлүктөрүнүн айрым эпизоддорун, «Төштүк» кенже эпосун кагазга түшүргөн, айтуучу, жомокчу, акындардын өмүр баянын, алар жөнүндөгү эл оозунда айтылган легенда, уламыштарды да жыйнаган. «Манас сериялары» деген ат менен Сагымбай Орозбак уулунун вариантынан «Манастын балалык чагы» (1940), «Алооке хан», «Макел дөө» (1941), «Биринчи казат» (1944), манасчы С. Каралаевден «Каныкейдин жомогу», А. Рысмендеевден «Ургенч» (1941), Тоголок Молдодон «Семетейдин Букарадан Таласка келиши» (1941) деген эпизоддорду басмага даярдаган. Ошону менен бирге үчилтиктин үч бөлүмү боюнча вариантын түзүп, өз колу менен жазып, Кыргыз ССР ИАнын Кол жазмалар фондуна тапшырган. Медалдар менен сыйланган.
Ад.: Мамыров М. Жомокчу, жыйноочу, фольклорист. Ала-Тоо, 1967, № 11; Мусаев С. Сагымбай манасчы жана анын варианты. «Манас». 1-китеп, Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча. Ф., 1978. Р. Сарыпбеков.