АБДЫРАХМАНОВ Сүйөркул

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:33, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБДЫРАХМАНОВ Сүйөркул (1898-жыл, Талас облусу, Талас району, Чоң-Токой айылы – 1959-жыл, Талас району, Жаңы-Алыш айылы) – жазма акын. Октябрь революциясына чейин Олуя-Ата шаарында (азыркы Тараз) жана Таласта байларга жалданып ырдап, тиричилик өткөргөн. 1930-жылы сабатсыздыгын жоюп, мугалимдик курста окуган. 1943-жылга чейин мугалим, 1943–1945-жылдары Магнитогорск металлургия заводунда жумушчу болуп эмгектенген. Чыгармачылыгы 1930-жылдан башталып, колхозчулардын эмгегин, жыргал турмушун даңазалаган. «Эр Солтоной» элдик эпосун жазып басмадан чыгарган. Анда кыргыз элинин сырткы басып алуучуларга каршы жүргүзгөн күрөшү, элдик баатыр Солтонойдун эл-жерди коргоодогу эрдиги баяндалат.