АБДЫМАЛИКОВ Кыдыр

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:33, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБДЫМАЛИКОВ Кыдыр (1938-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Түп району, Күрмөнтү айылы) - экономист, экономика илимдеринин доктору (1990), профессор (1992). КАЧИни (1965), Кыргыз ССРинин ИАнын экономика институтунун аспирантурасын (1970) бүтүргөн. КРдин Айыл чарба министрлигинде зоотехник, башкы башкармасынын начальниги, КРдин УИАнын ЭИде илимий кызматкер, жайыттар жана тоюттандыруу боюнча Кыргыз ИИИде бөлүм башчы, Кыргыз МИИИде бөлүм башчы, Кыргыз айыл чарба университетинде кафедра башчысы, 1997-жылдан И. Раззаков атындагы КТУда кафедра башчысы. Агрардык экономика (мал чарбачылык) боюнча адис. 110дон ашуун илимий иштери жарык көргөн. Негизги эмгектери Кыргыз Республикасында рынок мамилелерин жана өндүрүштү калыптандырууга, республикадагы экономикалык реформаны турукташтыруу маселелерине жана анын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө арналган.


Эмг.: Концепция формирования рыночных отношений и производства Республики Кыргызстан. Б., 1993.