АБДЫЛДАЕВ Рыспек Алдагандаевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:32, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБДЫЛДАЕВ Рыспек Алдагандаевич (1950-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Түп району, Каракол кыштагы) – онколог, медицина илимдеринин доктору (1986), профессор. КММИни бүтүргөн (1973). СССР МИАнын онкология илимий борборунда аспирант (1978), ошол борбордо кенже, улук илимий кызматкер. 1981-жылдан Кыргыз онкология жана радиология ИИИде бөлүм башчы, директордун орун басары, 2000-ж. КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин онкология илимий борборунун генералдык директору. 130дан ашык илимий эмгектин автору.