АФШАРЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:07, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 ‒ Ирандын түн.-батышы м-н түн.-чыгышында ж-а Афганистандын түндүк-батышында гы түрк уруулар тобу. Саны болжол м-н 300 миң адам (2000). Ирандын түн.-батышындагылары азербайжандарга, Афганистандын ж-а Ирандын башка райондорунда жашагандары түркмөндөргө жакын. Алар азери тилинин таасири астында түштүкогуз диалектилеринде сүйлөшөт. Ислам динин (Афганистандагылар суннит мусулмандары ж-а Ирандагылар шиит имамиттери) тутушат. 16-к-да А-дын ата-бабалары Сефевиддер тарабынан Ирандын түндүк-батышынан (Түш. Азербайжан) өзбектерге каршы күрөшүү үчүн Хорасанга отурукташкан. А-ды экинчи жолу 1729–30-жылдары Кырклунун Афшар уруусунан чыккан Надир Шах көчүрүп келген. Алардын айрымдары Мияб ж-а Кубеган, калгандары Мешхед ж-а Келат райондоруна отурукташкан. Айрым топтор Кабулга ж-а Кандагарга чейин жетип, калктуу конуштарды ээлешкен. 

А. тобунун бир бөлүгү (Хорасандын жерг. тургундары) Түркиянын түндүгүндөгү Кызыл-Ирмак д-нын өрөөнүнө көчүп барып, түрктөр м-н ассимиляцияланган. Алар негизинен мал чарбачылык ж-а дыйканчылык м-н кесиптенишет. Аялдары жүндөн килем, таар, кездеме токушат. А. топурактан согулган, үстү жыгач м-н жабылган үйлөрдө жашашат.