АБДЫКЕРИМОВА Аида Эсенгуловна
Jump to navigation
Jump to search
АБДЫКЕРИМОВА Аида Эсенгуловна (1973, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Покровка айылы) – филолог, филология илимдеринин доктору (2009). К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун кыргыз тили жана адабияты адистигин бүтүргөн (1996), ошол эле окуу жайда окутуучу, улук окутуучу, окумуштуу катчы, доцент, кафедра башчысы, декан, проректор, профессор болуп эмгектенген. Эмг.: Лингвистикалык поэтика. Каракол, 2008. ж. б.