АФФРИКАТА
Jump to navigation
Jump to search
(лат. affricо ‒ сүргүлөйм) ‒ жарылма ж-а фрикативдүү (жылчыкчыл) элемент терден турган үнсүз тыбыш. Кыргыз тилинде ага ж, ч тыбыштары кирет. Булардын айтылышын да тыбыштык активдүү орган пассивдүү тыбыш органына кептелишип, ага жакындашып жылчыкты пайда кылат, бирок андан тез эле тилдин ортонку бөлүгү катуу таӊдайга, капталда ры каптал тиш м-н анын бүйлөлөрүнө кептелип, абанын агымы аны жарып чыгат. Ошентип, бул эки тыбыш А. (татаал тыбыштар) тобун түзөт.