АБДУРАСУЛОВ Ырысбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:30, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБДУРАСУЛОВ Ырысбек (1950-жылы туулган, Тажикстан, Жерге-Тал кыштагы) – койдун селекция, генетикасы жана породасы боюнча адис, айыл чарба илимдеринин доктору (1999), профессор (2001). 1972-жылы КАЧИни бүтүрүп, ошол эле жерде аспирантурада окуган. 1972–73-жылдары колхоздо веттехник, мал чарба ИИИде, Кыргыз ССР ИАнын Биохимия жана физиология институтунда кенже илимий кызматкер (1975-81), К. И. Скрябин атындагы КАЧИде ассистент, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы (1981-91), Кыргыз агрардык академиясында (КАУда) илимий иштер боюнча проректор (1996–2001), 2001-жылдан Эл аралык тоолор институтунда директор. Абдурасулов 50дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 2 монографиянын автору.
Эмг.: Экологические основы селекции овец кыргызской тонкорунной породы. Б., 1997.