АБДУЛЛА ХАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:30, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБДУЛЛА ХАН ибн Искандер (болжол менен 1534, Бухара хандыгы, Мианкаль, Афаринкент шаары–8. 2. 1598, Бухара хандыгы, Самарканд шаары, сөөгү Бухарага коюлган) – Шейбаниддер династиясынан чыккан өзбек ханы. 1557-жылы Бухараны басып алып, аны Шейбаниддер мамлекети – Бухара хандыгынын борборуна айлантат. 1561-жылдан атасы Искандер хандын атынан башкарса, атасы көз жумган соң 1583-жылы «Бүткүл өзбек ханы» деген титул кабыл алып, бийлигин жүргүзгөн. Абдулла хан II Бухара хандыгына Фергана, Хорезм, Балх, Ташкент, Бадахшан чөлкөмдөрүн кошуп алат. 1587–88-жылдары Ирандын Мерв, Герат, Мешхед, Нишапур шаарларын (1597-жылы Аббас I кайрадан жеңип алган) Хорасан аймагын тартып алат. Соода, кол өнөрчүлүк менен алектенгендерге колдоо көрсөткөн. Анын тушунда Бухарадагы Кукелташ медресеси сыяктуу көркөм кооздолгон имараттар арбын курулган. Индия, Түркия жана орус өлкөлөрү менен соода байланыштары күчөгөн. Абдулла хан II дүйнөдөн кайткандан кийин Шейбаниддердин ордуна Аштарханиддер династиясы бийликке келген.
Ад.: Ахмедов Б. А. Историко-географическая литература Средней Азии XVI–XVIII вв. Письменные памятники, Таш., 1985.