АБДУЛКАДЫР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:30, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБДУЛКАДЫР Инан (1889, Башкыртстан Республикасы, Екатеринбург-Чыгай – 1976, Анкара ш.) – окумуштуу, манас изилдөөчү. Алгач Чыгайда Усулу Жадид мектебинен окуган, кийин Троицкидеги Расулис мектебин бүтүргөн. Алгачкы илимий макаласы 1908-жылы Оренбургдан чыгуучу «Вахт» («Убакыт») гезитине жарыяланган. 1914-жылы жогорку мектепти бүтүрүп, 1915-жылы «Мусулмандар шарыят мекемесинин» кеңешмесинде профессор наамын алган. 1915–23-жылдары мектептерде мугалим болуп иштеген. 1925-жылы Стамбулга келип, Түркология институтунда түрк элдеринин фольклору тууралуу илимий иштерин уланткан. 1933-жылы Түрк тил коомунун чакыруусу менен Анкарага келет. 1935-жылы Ататүрктүн буйругу менен чыгыш түрк диалектилеринин профессору наамы ыйгарылган. Ал этнография, фольклор, түрк тарыхы, түрк элдеринин дини, ишеними, түрк диалектилери, түрк филологиясы жөнүндө эмгектерин, «Манас» эпосу тууралуу алгачкы маалымдама-баяндамаларды, илимий эмгектерди жазган. 1936–68-жылдары «Манаска» байланыштуу жазган макалаларында эпостун кыргыз тили боюнча мол материал берген зор эстелик экендиги айтылган. Эпостун каармандары, андагы элдин турмушу, каада-салты, эпостун идеологиясы иликтенген жана анын түрк элдеринин эпосторунун ичинде өзгөчө орду белгиленген. Түрк энциклопедияларына чыккан «Манас» тууралуу макалалардын автору. Түрк маданиятын изилдөө институтунун, Түрк тарых коомунун анык мүчөсү.