АБДУВАЛИЕВ Ибрагим

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:29, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБДУВАЛИЕВ Ибрагим (10. 5. 1947, Баткен облусу, Баткен району, Үч-Дөбө айылы) – филология илимдеринин доктору, профессор (2016). Ош шаарындагы башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоо курсун аяктап, Баткен районунун Ю. Гагарин орто мектебинде эмгектенген. Кийин Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин бүтүрүп (1972–1977), Баткен жана Кант райондорунун мектептеринде эмгектенген (1977–1984), Кыргыз улуттук университетинде аспирантураны (1981–1983) сырттан окуп бутөт да, КР УИАнын Тил жана адабият институтунун «Диалектология жана кыргыз тилинин тарыхы секторунда кенже, кийин илимий кызматкер (1984–1988), «Кыргыз Совет Энциклопедиясында» «Манас» редакциясынын башчысы (1988–1990), И. Арабаев атындагы мамлекеттик педагогикалык университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунда, «Кыргыз тили» кафедрасында улуу окутуучу, доцент (1990), аталган кафедранын башчысы (1992), профессорлук милдет аткаруучу (1999), 2004-жылдан Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Тилдер жана маданият институтунун директору. Негизги илимий багыты – кыргыз тилинин лексикологиясы, грамматикасы, кыргыз тилинин орфографиясы жана кыргыз алфавити. «Манас» энциклопедиясын редакциялоого катышкан. 200дөн ашык илимий макала жазган.

Эмг.: Кыргыз тил: окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 9-классы үчүн. Б., 2000; Кыргыз тили: морфология боюнча лекциялар курсу. Б., 2003; Филология маселелери. Б., 2012. ж. б.