АБДРАКМАНОВ Садырбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:28, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБДРАКМАНОВ Садырбек (19. 12. 1928, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Даркан айылы – 8. 10. 2011, Бишкек) – мамлекеттик жанa саясий ишмер, Кыргыз ССРинин айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери. 1944–53-жылдары Даркан жети жылдык мектебинде мугалим, 1953–55-жылдары партиянын Покровка райкомунун пропагандисти, пропаганда бөлүмүнүн башчысы, секретары. 1955–58-жылдары Кыргызстан ЛКСМ Ысык-Көл обкомунун 2-1-секретары, 1958–60-жылдары партиянын Каракол райкомунун секретары,

АБДРАКМАНОВ24.png

1960-жылы Кыргызстан КП БКнын инструктору, 1960–82-жылдары Жети-Өгүз райондук аткомунун төрагасынын орун басары, төрагасы, партиянын Жети-Өгүз, Түп райкомдорунун 1-секретары, 1982–98-жылдары Кыргыз ССР Даярдоо жана дан азыктар министри, «Бишкек Дан-Азык» АКнын башкы директору болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 6-чакырылышынын жана КР ЖКнын «легендарлуу парламентинин» депутаты. Ленин, Октябрь революциясы, эки жолу Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.