АБДРАИМОВ кыштагы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:28, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБДРАИМОВ, А р п а ч ы, С о в е т – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Кеңеш айыл аймагынын борбору. Кара-Үңкүр суусунун оң жээгинде, Ош–Бишкек автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 755 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон шаарынан 3 км түндүк-батыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 35 км. 1886-жылы отурукташкан. Калкы 8433 (2009); негизинен дыйканчылыкта жанa мал чарбасында эмгектенет. Турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, мончо, сауна, кафе, ашканалар иштейт. Эки орто жанa башталгыч мектеп, маданият үйү, амбулатория, учук диспансери, дарыкана, автомобилге май куюучу 2 станция, мечит ж. б. бар. Кыштак мурда Арпачы, Мужик-Айыл, Никольский, Совет аталган; 1996-жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры К. Абдраимовдун ысымы берилген.