АБДРАИМОВ Самудин

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:28, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБДРАИМОВ Самудин (1944-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Отуз-Уул айылы) – электрмеханик, техника илимдеринин доктору (1988), профессор

АБДРАИМОВ 623.png

(1989) , КРдин УИАнын корреспондент-мүчөсү (2000), КРнын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу (1983). ФПИни (1971) жанa ошол эле жерде аспирантураны бүтүргөн. КРдин ИАнын инженери, илимий кызматкер, лаборатория башчысы, Машина таануу институтунун директору (1993–95), КРдин инженердик академиясынын президенти (1991-жылдан), Кыргыз тоо кен-металлургия институтунда кафедра башчы. 290дон ашык илимий эмгеги, анын ичинде 10 монографиясы жарык көргөн, 87 ойлоп табуунун, 16 патенттин ээси. Илимий эмгектери негизинен өзгөрүлмө структурадагы механизмдер жанa тоо кен машиналарын түзүүгө, өркүндөтүүгө арналган.
Эмг.: Шарнирно-рычажные механизмы переменной структуры. Б., 1993; Построение механизмов пере менной структуры и исследование их динамики (ДСП). Ф„ 1990.