АБДРАИМОВ Кудайкул

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:28, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБДРАИМОВ Кудайкул (1917, Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Совет кыштагы –1982, ошол эле жерде) – айыл чарба өндүрүшүнүн ишмери, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1958). Ош облусунун Ленин районундагы Энгельс атындагы колхоздун башкармасы (1951-жыл-

АБДРАИМОВ 421.png

дан) болгон. Ал башкарган чарба уяң жүндүү кой өстүрүүдө жыл сайын жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен. 1957-жылы ар жүз тубар койдон 115тен козу (1958-жылы 117ден козу), 3,2 кг жүн алып, ар бир койдун тирүүлөй салмагын 71 кгга жеткирген. 1959-71-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени менен сыйланган.