АБДЕРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:27, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБДЕРА (латынча Abdera) – Грекиядагы (Фракия) шаар. Гераклдын эрдигин даңазалаган мифте 8-кылымдан эскерилет. Башка бир маалыматтарда б. з. ч. 7-кылымдарда Клазомендик Тимесий негиздеген деп айтылат. Ал археологиялык маалыматтарда тастыкталган. Мында 6-кылымдын орто ченинде Теос шаарынын тургундары Фракияны перстерден коргоо максатында келип отурукташкан. 454-жылдан Делосс союзуна мүчө. Трибаллдар тарабынан 376-жылы талкаланган. 4-кылымдын орто ченинде македониялык падыша Филлип IIнин аскерлери басып алган. Б. з. ч. 170-жылы 3-Македония согушунда өтө катуу талкаланган. Кийин Рим империясынын курамында. Б. з. ч. 7–8-кылымдарда славяндар менен гректердин салгылашуусунан начарлаган. 19-кылымдан археологиялык изилдөө жүргүзүлүп, 1950-жылдан системалуу археологиялык казуудан шаар дубалдары, мунара, дарбаза, театр жана мончо калдыктары табылган. Мозаика, айкелдер, жазуулар, кооз коллекциялар, жергиликтүү терракот статуэткаларды чыгаруучу өндүрүш, архаика жана классика мезгилине таандык некрополдор сакталган.