АБД ЭЛЬ-КЕРИМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:27, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБД ЭЛЬ-КЕРИМ, А б д а л ь-К р и м (12. 1. 1882, Марокко, Аджир – 7. 2. 1963, Египет, Каир) – Мароккодогу риф уруулардын көтөрүлүшүнүн жол башчысы, Риф республикасынын (1921–26) жетекчиси. 1915-жылы өз уруулаштарын улуттук-боштондук күрөшкө үндөгөндүгү үчүн Испания колониялык бийлиги аны түрмөгө камап, 1916-жылы бошоткон. 1921–26-жылдары рифтиктердин адегенде испан, 1925-жылдан француз колонизаторлоруна каршы боштондук күрөшүнүн башында болгон. 1921–26-жылдары Риф республикасынын президенти (эмири). 1926-жылы француздардын колуна түшүп, Реюньон аймагына сүргүнгө айдалат. 1947-жылы май айында саясий иш жүргүзүүдөн баш тартуу шарты менен Францияда жашоого уруксат алган. Порт-Саидде кемеден качып чыгып, Каирге туруп калат. 1948–56-жылдары Түндүк Африканы боштондукка чыгаруу комитетинин башында болгон. Марокко көз карандысыздыгын алган соң (1956), Африка жергесинде француз аскерлери турганда мекенине кайтып келбестигин билдирген.