АБАСОВ Руслан Акылбекович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:26, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБАСОВ Руслан Акылбекович (5. 11. 1976, Чүй облусу, Токмок шаары – 27. 03. 2014, ошол эле жер) – бокс боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. Дүйнөгө таанымал спортчу. Кыргыз Республикасынын кикбоксинг боюнча эмгек сиңирген спортчусу. Бокс боюнча Кыргызстандын 1995-жылкы чемпиону; Кыргыз Республикасынан 2002-жылкы спартакиадасынын жана

АБАСОВ15.png

эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү; 2002-жылы Пусанда (Корея Республикасы) өткөн Азия оюндарынын катышуучусу; Гуанчжоудагы (Кытай) Азия чемпионатынын (2004), ушу-саньда боюнча дүйнөлүк чемпионатынын (1996) күмүш медалынын ээси; Евразия жана эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү. 1996-жылдан «Гермес-Профи спорт клубунда» (А. Войнов жетектеген) кикбоксинг боюнча машыга баштаган. Алгач оор салмак боюнча (91 кгдан жогору) Кыргыз Республикасынын (1998, 2000, 2001), Европанын (2003), Азиянын (2000), Евразиянын жана дүйнөнүн 2 жолку (1999, 2003), ошондой эле дүйнөнүн (2002) жана интерконтинент кубокторунун 2 жолку (2004, 2005) чемпиону, Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогунун жана эл аралык беттешүүлөрдүн (Кыргызстан – Россия, Кыргызстан – Италия, Кыргызстан – Франция, Кыргызстан – Ливан ж. б.), эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү. Абасов 2003-ж. «Жылдын мыкты спортчусу» аталган.

Б.Үсөнканов.