АБАНЫН НЫМДУУЛУГУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:26, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБАНЫН НЫМДУУЛУГУ – абадагы суу буусунун өлчөмү; аба ырайынын жана климаттын өзгөчөлүктөрүн мүнөздөөчү эң негизги көрсөткүчтөрдүн бири. Суу буу түрүндө атмененын төмөнкү катмарында (6 кмге чейин) кездешет. Абанын нымдуулугунун атмосферадагы өлчөмү туруксуз, анткени ал жыл мезгилдеринин температурасына жана кеңдиктерге көз каранды. Экватордо аба өтө нымдуу, уюлдарга жакындаганда азаят. Орто эсеп менен абанын абсолюттук нымдуулугу жайында 10,46 мм, кышында 4,69 мм болот. Жер бетинен бийиктеген сайын нымдуулук азая бергендиктен абанын нымдуулугу стратпосферада жокко эсе. Атмосферадагы булут түрүндөгү суу буусу жер бетин муздап кетүүдөн сактайт, жаан түрүндө жерге түшүп, сууларды пайда кылат. Абанын нымдуулугу чөйрөнүн температурасын, абанын кыймылына карата организмдеги жылуулук алмашууну жөнгө салат. Абанын салыштырма нымдуулугу 40-60% болсо, адам үчүн жагымдуу деп эсептелет. Абанын нымдуулугу гигрометр, психрометр менен ченелет. Абанын нымдуулугу организмдин айлана-чөйрө менен жылуулук алмашуусуна орчундуу таасир тийгизгендиктен, адамдын тиричилиги үчүн маанилүү. Мисалы, температуpa төмөн, абанын нымдуулугу жогору болгондо жылуулуктун бөлүнүшү күчөп, адамдын денеси өтө муздап кетет. Нымдуулукту азайтуу үчүн абаны желдетүү, кондициялоо сыяктуу ыкмалар колдонулат. Ошондой эле абанын нымдуулугу кээ бир технологоиялык процесстерде, айрым ооруларды дарылоодо, китептерди, искусство чыгармаларын сактоодо чоң мааниге ээ.