АБАЛАК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:26, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБАЛАК – ордо оюнунда чүкөлөрдү атуучу, чертүүчү курал. Тоо теке, кулжа мүйүздөрүнөн жалпак, төрт чарчы түрүндө жасалып, болжол менен узундугу 10–12 см, калыңдыгы 2,5–3 см, туурасы 8–9 см болот. Атканда, черткенде колдон жылмышпас үчүн Абалактын кырларынын четтерине каршы-терши, жик-жик сай салынып, быдырланат. Абалак жасаш үчүн мүйүздү кол араа менен кесип, отко кактап жумшартат. Аны суутпастан тегиз эки жыгачтын ортосуна салып кысып, зым же кайыш менен катуу таңып, бир топ күн оор таш менен бастырып коюлат. Абалак түспөлүнө келгенде сомдомо өгөөлөп жонулуп, чүкө атууга эптүү түргө жеткизилет. Үстүн тегиз кылат, бир аз кайкыраак болушу да ыктымал. Абалактын бир башы жазы, экинчиси кууш келет. Абалактын топ бузар (уратар), орто абалак, томпой деген түрлөрү бар. Орто абалак чүкө чертүүгө, жемек кадоого, тоорумак тоорууга ылайык. Томпой абалактын эң илгеркиси, ал тууралуу элдик эпостордо көп айтылат. Кыргызстандын айрым аймактарында ордо оюну азыр да томпой менен ойнолууда.