АБАКИРОВ Барктабас

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:25, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎Котормолору: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБАКИРОВ Барктабас (2. 5. 1933-жыл, Нарын облусу, Кочкор району, Төрт-Күл айылы – 26. 5. 2006-жыл, Бишкек шаары) – акын, журналист, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1983).

Абакиров Барктабас.jpg

Бишкек шаарындагы К. И. Скрябин атындагы Айыл чарба институтун (1955), Москва шаарындагы Жогорку партиялык мектептин журналистика бөлүмүн (1970) бүткөн. 1963-жылы «Советтик Кыргызстан», 1963–1968-жылдары райондук «Эмгек туусу», 1971–1980-жылдары облустук «Нарын правдасы» гезитинде башкы редактор, 1983-жылы. «Кыргызстан» басмасында директор, 1987-жылы «Кыргызстан айыл чарбасы» журналында башкы редактор, 1987-жылдан Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинде жетектөөчү редактор болуп иштеген. 1961-жылы «Чаарчык» аттуу туңгуч ырлар жыйнагы жарыкка чыккан. Ал «Сапар» (1965), «Тоо таңы» (1968), «Бийик жерде» (1970), «Нарын агат» (1973), «Жылдар барагы» (1978), «Күтүү» (1979), «Соң-Көл толкуну» (1982), «Элүүнчү жаз», «Нарын күндөрү», «Арча бешик» (1985), «Өмүр кадамдары» (1989), «Манасчы Сагымбай» (1993), «Кыргыз үнү» (1997) аттуу китептердин автору. Лирикаларында, публицистикалык поэмаларында бийик жарандык пафос, терең социалдык мазмун ачык туюлат. Анын 200дөн ашык ырларына музыка жазылган. Китептери орус, казак тилдерине, көптөгөн ырлары дүйнө элдеринин тилдерине которулган. М. Лермонтов, С. Есенин, Р. Гамзатов, М. Турсун-Заде, Д.Кугультинов, Б. Степанюк, В. Бээкман жана башка акындардын ырларын кыргызчага которгон. «Ардак Белгиси» ордени жaна медалдар менен сыйланган. Ж.Медералиева.

Жарык көргөн чыгармалары

Кыргыз тилинде

Чаарчык: Ырлар. - Ф.: Кыргыз окуу педмамбас, 1961. - 64 бет.

Сапар: Ырлар. - Ф.: Кыргызстан, 1965. - 118 бет.

Күз күнү: Ырлар. - Мектеп, 1966. – 75 бет.

Тоо таңы: Ырлар жана поэмалар. - Ф.: Кыргызстан, 1969. - 100 бет.

Бийик жерде: Ырлар жана поэма. - Ф.: Кыргызстан, 1973. - 72 бет.

Нарын агат: Ырлар жана поэма. - Ф.: Мектеп, 1975. - 74 бет.

Жылдар барагы: Ырлар жана поэмалар. - Ф.: Кыргызстан, 1983. - 268 бет.

Күтүү: Ырлар жана поэма. - Ф.: Мектеп, 1970. - 104 бет.

Элүүнчү жаз: Ырлар жана поэмалар. - Ф.: Кыргызстан, 1983. - 268 бет.

Нарын күндөрү: Ырлар жана поэма. - Ф.: Мектеп, 1985. - 100 бет.

Манасчы Сагымбай: Поэма. - Б.: Эркин Тоо, 1993 - 96 бет.

Кыргыз үнү: Ырлар, поэмалар жана дастандар. - Б.: КЭнин Башкы ред., 1997. - 457 бет.

Орус тилинде

Card 76 2.png

Волна Сон-Куля: Стихотворения. - Ф.: Кыргызстан, 1981. - 132 стр.

Арчовая колыбель: Стихи и поэма. - М.: Сов. Писатель, 1985. - 80 стр.

Шаги жизни: Стихи и поэмы - Б.: Адабият, 1989. - 120 стр.

Башка элдердин тилдеринде

Стихи и поэмы. - Алма-Ата: Жазушы, 1983. - каз.

Жыр кесте: Стихи и поэмы - Алма-Ата: Жалын, 1983. - 152 с. - каз.

Котормолору

Кугультинов Д. Апрель айдыңы: Ырлар жана поэмалар. (Б.Абакиров ж.б.) - Ф.: Кыргызстан, 1981. - 156 бет.

Гамзатов Р. Дагстан уламыштары. (Ж.Садыков, А.Токтогулов, И.Исаков, Б.Абакиров). - Ф.: Кыргызстан, 1982. - 124 бет.

Пак Э. Көгүлтүр капка: Ырлар жана поэмалар (Б.Абакиров жана башка).

Лермонтов М.Ю. Тандалмалар: Ырлар жана поэмалар (Б.Абакиров ж. б.). - Ф.: Кыргызстан, 1983. - 104 бет.

Степанюк Б. Саламатсыңбы Ала-Тоо: Ырлар. - Ф.: Кыргызстан, 1983. - 104 бет.

Антошкин Е.А. Айлуу түндө: (Б.Абакиров ж. б.). - Ф.: Кыргызстан, 1979. - 128 бет.

Бээкман В. Күн чубак. (Б.Абакиров ж.б.). - Ф.: Мектеп, 1982. - 252 бет.