АБАКАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:25, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБАКАН – Россия Федерациясындагы шаар, Хакас Республикасынын административдик борбору (1991). Минуса ойдуңунун борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Абакан дарыясынын Енисей дарыясына куйган жердеги кеме турагы. Калкы 176,2 миң (2015). Темир жана автомобиль жолдор тоому. Хакасиянын маданий, илимий борбору. Жеңил (тигүү, трикотаж, бут кийим фабрикалары), тамак-аш, курулуш материалдар, жыгаччылык өнөр жайлары, механикалык-тажрыйба, болот куюу заводдору иштейт, Он бир ЖОЖ (филиалдары менен), университет, педагогикалык институт, үч театр (анын ичинде Хакас улуттук, 1931; Орус театры, 1939), китепканалар, мекен таануу музейи, филармония, дендрарий бар. Оор машина куруу («Абаканвагонмаш», «Абакан ОМЗ») өнүккөн. 1823-жылы Усть-Абакан кыштак (1925–31-жылдары Хакасск) катары пайда болгон.