АБА МУЗДАТКЫЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:24, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБА МУЗДАТКЫЧ– өнөр жайларда, үй-тиричилигинде абаны муздатуучу, температура алмаштыруучу аппарат. Абаны муздатуунун негизги үч системасы бар: 1) түздөн-түз муздатуу – муздатуучу агент (аммиак, фреон) муздаткыч камераларынын капталдарында орнотулган батареялар аркылуу акканда, ал камерадагы абанын жылуулугун өзүнө тартып алат; 2) туздардын эритмелери менен муздатуу - эритмелерди же сууну форсунка менен чачыратканда аба муздайт; 3) айкалыштырылган муздатуу – жогоруда аталган эки түрдөгү аппараттардын принциптери бирге иштетилет. Аба муздаткычы кургак жана буулуу болуп бөлүнөт. Муздатуу техникасында фарфор шакекчелүү муздаткыч кеңири таралган.