АБА МЕНЕН ЖЫЛЫТУУ
Jump to navigation
Jump to search
АБА МЕНЕН ЖЫПЫТУУ – ысытылган аба жиберип, имаратты жылытуу системасы. Ал кайра айлануучу (жылыткычка берилген аба жылытылып жаткан бөлмөнүн ичинен алынат) жана желдеткич менен биргелешкен (жылыткычка берилген абанын жарымы жылытылып жаткан имараттан, ал эми калганы сырттан алынат) жылыткыч болуп айырмаланат. Мындай системада абаны алмаштыруу табигый (температуралар айырмасынан жана аба тыгыздыгынан) же мажбурлоо менен (желдеткичтин жардамы менен) болушу мүмкүн. Ал борбордук (бир агрегат бир нече бөлмөнү тейлейт) жана жергиликтүү (жыльггылуучу бөлмөгө коюлган) жылытып-желдеткич агрегаттар менен ишке ашырылат.