АБА (зат)

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:23, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБА – Жер атмосферасын түзүүчү, негизинен азот (78,08%) менен кычкылтектен (20,95%) турган газдардын аралашмасы. Анын калган курамын инерттүү газдар (аргон, гелий, криптон, ксенон - 0,94%), суутек, озон, азот (IV) ж-a көмүртек (II, IV) оксиддери, аммиак, метан, күкүрттүү газдар жана башкалар түзөт. Абанын орточо молекулалык массасы 28,966; тыгыздыгы 1,2928 г/л, сууда эригичтиги 29,18 см/л; суудан 400 эсе жеңил. Абада азоттун, кычкылтектин жанa инерттүү газдардын концентрациясы туруктуу. Анын курамындагы суу буусу жыл мезгилине, климатка жанa аба ырайына жараша 0,1%тен 2,8%ке чейин өзгөрүлөт. Кычкылтектин туруктуу болушун жер бетиндеги өсүмдүктөр камсыз кылат. Көмүр, азот оксиддеринин, күкүрттүү газдардын концентрациясы шартка жараша өзгөрүлөт. Өнөр жай ишканалары көп чоң шаарларда бул газдар арбын бөлүнөт. Металлургия, химия өнөр жайы, автотранспорту, адамдын чарба тиричилиги көмүртектин оксиддери сыяктуу зыяндуу газдардын көбөйүшүнө алып келип, Абаны булгайт. Атом жанa термоядро куралдарын сынап жардырууда радиоактивдүү газдар бөлүнүп, жер бетинин 8–12 м бийиктигинде радиоактивдүү катмарды түзөт. Абанын булганышы адамдын, айбандардын жанa өсүмдүктөрдүн жашоо шартын начарлатып, түрдүү ооруга чалдыктырат. Абанын басымы 0°Сде 760 сым. мам. мм барабар. Суюлтулган аба – көгүш түстөгү суюктук; тыгыздыгы 0,96 г/см (-192°С). Нормалдуу басымда – 190°Сде бууланат. Аны Дьюар идиштеринде сактайт. Кычкылтекке караганда азот менен аргон тез буулангандыктан, суюк Абанын курамы туруктуу болбойт. Суюлтулган Абаны фракциялык буулантуу жолу менен таза азот, кычкылтек, аргон жана башка газдар алынат. Абанын курамында кычкылтек болгондуктан ар түрдүү процесстерде (отунду күйгүзүү, рудадан металлды эритүү, хим. заттарды өндүрүштө алуу) химиялык агент катары колдонулат. Ал өнөр жайда кычкылтек, азот, инерттүү газдарды алуунун негизги булагы. Адамдын жашоосу үчүн абанын проценттик курамы, температурасы, нымдуулугу жана кыймылы чоң мааниге ээ. Аба- жаныбарлар жана өсүмдүктөр үчүн жашоо чөйрөсү.

Ад.: Соколов В. А. Газы земли. М., 1966; Боттан Л. Дж. Загрязненное небо. Пер. с англ. М., 1967.

                                                                                                  Б. Бегалиева