АБА-ДЕСАНТ АСКЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:23, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБА-ДЕСАНТ АСКЕРИ – душмандын тылында согушууга дайындалган аскер түрү. Аба-десант аскери парашют-десанттык, танкалык, артиллериялык, өзү жүрүүчү артиллерия жана башка аскер бирикмелеринен, бөлүктөрүнөн, бөлүкчөлөрүнөн жана байланыш, инженердик сыяктуу атайын аскердик бөлүктөрдөн түзүлөт. Аларга парашют менен самолёттон секирүүнүн жана согушуунун атайын тактикасы үйрөтүлөт. Стратегиялык аба-десант аскерлеринин душмандын терең тылындагы эң орчундуу жерлерди ээлөөгө жана негизги күчтөр келгенче кармап турууга, анын мамлекеттик жанa согуштук башкаруу түйүнүн кыйратууга, ядролук чабуул коюучу каражаттарын, базаларды жана башка маанилүү объектилерди жок кылууга мүмкүнчүлүгү бар. Алар өз милдеттерин куралдуу күчтөрдүн башка түрлөрүнүн бирикмелери, бөлүктөрү менен биргелешип аткарат. Аба-десант аскерлерин душмандын тылына түшүрүү үчүн аскердик-транспорттук авиация колдонулат. Дүйнөдөгү болуп жаткан улуттар аралык, этникалык чыр-чатактардын, локалдык согуштардын тажрыйбасы аба-десант аскелеринин мааниси зор экендигин ачык далилдөөдө.