ААРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:23, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ААРЫ (Apoidea) – жаргак канаттуулар түркүмүнүн чоң тукуму. Денеси түктүү, узундугу 15 ммден 5 смге чейин, көпчүлүгүнүкү 1-1,5 см. Анын ооз органдары кемирүүгө, узун тумшугу гүл ширесин жыйноого ылайыкталган. 30 миңге жакын түрү белгилүү, көпчүлүгү тропик жанa субтропик өлкөлөрдө кеңири таралган. Алар уюкташып жашоочу, жалгыздан жашоочу жанa бөлөк (көбүнчө сары) аарынын уюгуна тукумдоочу «күкүк» аарылар болуп бөлүнөт. Кыргызстанда кездешүүчү уюкташып (топтошуп) жашоочуларга шимикчи, жапайы жанa бал аарысы кирет. Топтошуп жашоочулар тукум берүүчү ургаачы, тукумсуз жумушчу ургаачы аарылардан турат. Эркеги күзүндө уюкка келип, ургаачысы менен урукташкандан кийин өлөт. Уюкта ургаачылары (эне ж-a жумушчулары) гана кыштайт. Уюкташып жашоочулар дарак көндөйүнө, таш коңулуна, жар же там кычыгына уя салат, өсүмдүк ширесин, чаңчасын чогултуп кышка камдайт. Уюкта 100 миңге чейин особдор жашайт. Жалгыздан жашоочу аарылардын түрү дүйнө жүзүндө өтө көп. Уруктанган ургаачысы жерге уя казат же даяр көңдөйлөрдү пайдаланат. Уюк бир нече уячадан турат, аны чаңча жана иштетилген өсүмдүк ширеси менен толтурат. Ар бир уячага бирден жумуртка тууп, анын оозун жапкандан кийин жаңы уя салганга киришет. Аарынын көпчүлүгү Орто Азияда, асыресе Кыргызстанда да кездешип, өсүмдүктөрдү чаңдаштырууда зор мааниге ээ, к. Бал аарысы.