«АНТИКОМИНТЕРНДИК ПАКТ»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:22, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

«АНТИКОМИНТЕРНДИК ПАКТ» – Германия менен Япониянын ортосунда 1936-жылы 25-ноябрда Берлинде түзүлгөн келишим. Түпкү максаты болгон дүйнөлүк үстөмдүккө жетишүү үчүн жүргүзгөн күрөшүн Коминтернге каршы күрөшүү шылтоосу менен жаап-жашырган блок болгон. Анын кошумча протоколу тараптарды Коминтерндин пайдасы үчүн өз өлкөлөрүндө жана чет мамлекеттерде аракет кылгандарга каршы катуу чара көрүүгө милдеттендирген. Бул алардын башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүлөрүнө мүмкүнчүлүк берген. 1937-жылы «Антикоминтерндик пактга» Италия, кийинчерээк Венгрия, Маньчжоу-Го марионеттик «мамлекети», Испания жана башка мамлекеттер кирген. 1939–40-жылдары «Антикоминтерндик пакт» Германия, Италия жана Япониянын ачык согуштук союзуна айландырылган. 1941-жылы анын мөөнөтү дагы 5 жылга узартылып, ага Финляндия, Дания, Хорватия, Румыния жана башка мамлекеттер кошулган. 2-дүйнөлүк согушта антифашисттик коалицияга кирген мамлекеттердин жеңип чыгышы «Антикоминтерндик пактынын» жоюлушуна алып келген.